Михаил Нестеров

Википедия дан
Нестеров, Михаил Васильевич‎»‎ барагынан багытталды)

Нестеров, Михаил Васильевич (1862, Уфа – 1942, Москва) – советтик живописчиси, РСФСРдин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1942). Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында, Петербург сүрөт академиясында окуган. Көчмө көргөзмө өнөктүгүнүн мүчөсү (1896). Адамдын ички дүйнөсүнө, психологиясына кызыгуу Н-дун чыгармачылыгынын драматизм элементтери менен байыткан (“Ыйык Русь”, 1901–06, Орус музейи, Ленинград; “Орус жергесинде”, 1916, Третьяков галереясы жана башкалар). Совет мезгилде Н-дун чыгармачылыгы реалисттик багытта өнүккөн. Негизинен портретист катары илим жана искусство ишмерлеринин (П. Д. жана А. Д. Кориндер, 1930; И. Д. Шадр, 1934; И. П. Павлов, 1935; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941; В. И. Мухина, 1940 – бардыгы Третьяков галереясы) портретин тарткан. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]