Николай Геннадиевич Басов

Википедия дан
Николай Басов.

Николай Геннадиевич Басов (1922-жыл 14-декабрь, Тамбов губерниясынын Усмань шаары – 2001-жыл 1-июль) – совет жана орус физиги, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (1964), кванттык радиофизиканы негиздөөчүлөрдүн бири, СССР ИАнын академиги (1966), Социалистик Эмгектин Баатыры (1969). Москва инжердик-физика институтун бүткөн (1950). 1950-жылдан СССР ИАнын Физика институнда илимий кызматкер, ошол институттун директорунун орунбасары (1958), 1962-жылдан лаборатория башчысы. Москва инженердик-физика институтунун профессору (1963). «Природа» журналынын башкы редактору (1967). А. М. Прохоров менен бирдикте кванттык системанын жардамы менен электр-магниттик термелүүнү генерациялоочу жаңы методду иштеп чыгып, мол. 1-генератор мазерди түзгөн. Басов 1-болуп оптикалык диапазондогу (лазер) кванттык генераторго жарым өткөргүчтөрдү колдонуу идеясын сунуш кылып, ар кандай типтеги жарым өткөргүчтүү лазерлерди түзүү методун өркүндөткөн. Лениндик (1959) жана Нобель (1964) сыйлыгынын лауреаты. Ленин ордени менен сыйланган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Басовдун изилдөө иштери кванттык электроникага жана анын колдонулушуна багытталган. Ал А. М. Прохоров менен бирге электромагниттик нурлануунун кванттык системалар тарабынан күчөшүнүн жана генерациясынын принцибин аныктаган. Бул, 1954-жылы аммиак малекулаларынын тутамы менен ишке кирүүчү алгачкы кванттык генераторду (мазер) жасоого мүмкүндүк берген. Кийинки жылы деңгээлдердин инверсиялык элдүүлүгүн пайда кылуунун үч баскычтуу түзүлүшү сунушталган. Бул түзүлүш мазер жана лазерлерде байма-бай колдонула баштаган. Бул эмгектер (жана америкалык физик Ч. Таунстун изилдөөлөрү) физикадагы жаңы багыт болуп эсептелген кванттык электрониканын пайдубалы болуп калган. Радиотолкундардын күчөө жана генерациясынын жаңы принцибин иштеп чыкканы үчүн (молекулярдык генератор жана күчөткүчтөрдүн жасалышы) Н.Г. Басов менен А.М. Прохоров 1959-жылы Ленин сыйлыгы менен сыйланышкан. 1964-жылы болсо, Ч.Х. Таунс менен бирге "лазер-мазердик генераторлордун жана күчөткүчтөрдүн жасалышына негиз болгон кванттык электроника жаатындагы фундаменталдуу эмгектери үчүн" аларга физика боюнча "Нобель" сыйлыгы ыйгарылган.

Сыйлыктары, ардактуу наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ленин сыйлыгы (1959)
  • Физика боюнча "Нобель" сыйлыгы (1964, кванттык электроника жаатында аткарган негиздөөчү эмгектери үчүн)
  • Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры (1969, 1982)
  • Чехословакия Илимдер академиясынын алтын төш белгиси (1975)
  • А. Волта алтын төш белгиси (1977)
  • СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1989)
  • М.В. Ломоносов атындагы Чоң алтын төш белги (1990)
  • Беш Ленин төш белгиси
  • "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Airbus A320-214 VP-BLL учагы Н. Басовдун атынан аталган

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]