Нил Деграсс Тайсон

Википедия дан
Нил Деграсс Тайсон (2005).

Нил Деграсс Тайсон (англ. Neil deGrasse Tyson, айтылышы: /ˈniːl dəˈɡræs ˈtaɪsən/; 1958-жылы 5-октябрь) - америкалык астрофизик, жазуучу жана илим жайылтуучу адам. 1996-жылдан тартып ал Нү-Йоркто, Роуздун жер жана аалам мейкиндигинин борборунда жайгашкан Хейден планетарийдин жетекчиси болуп келген. Бул борбор Американын табигый тарых музейинин тамырлашы болуп эсептелет, ал жерде Тайсон 1997-жылы астрофизика бөлүмүн ачып 2003-жылдан тартып бөлүмдүн илимий кызматчысы катары иштеп келген.

Нү-Йоркто өсүп чоңойгон Тайсон тогуз жашында Хейден планетарийине барганындан кийин астронимия илимине кызыга баштаган. Physical Science Journal журналынын башкы редактору болуп жүргөн Бронкс жогорку илимий мектебин аяктаган соң ал 1980-жылы Гарвард университетинде физика илиминин бакалавр даражасын алган болот. 1983-жылы Остиндеги Техас Университетинде астрономия илиминин магистр даражасын алган соң ал астрофизика илиминин магистр (1989) жана доктор даражасын (1991) Колумбия университетинде алган. Кийинки үч жыл ичинде, доктор даражасын жактагандан соң Тайсон Принстон университетинин илимий кызматчысы болгон. 1994-жылы Тайсон Хейден планетарийдин илимий кызматкери жана Принстон университетинин бөлүмүнөн чакырылган илимий кызматчысы жана ага-окутуучусу катары кирген. 1996-жылы ал 2000-жылы аяктаган 210 миллион доллардык планетарийди калыбына келтирүү долбоорунун жетекчиси болгон.

1995-2005-жылдар арасы Тайсон Natural History журналынын "Аалам" мамычасына ай сайын эссе жазып, алардын кээ бирөөсү Тайсондун "Кара туңгуюкта каза табуу" (англ. Death by Black Hole) (2007) жана "Шашылыштагы адамдарга арналган астрофизика илими" (Astrophysics for People in a Hurry) (2017) китептеринде жарык көргөн. Ошол эле жылдар арасы Тайсон Star Date журналында "Мерлин" аты аркылуу аалам жөнүндө суроолорго жооп берип ай сайын чыккан мамыча жазган. Мамычага жазган маалыматтар анын "Мерлиндин аалам бойлой туру" (Merlin's Tour of the Universe, 1998) жана "Бул аралык чөйрөгө сапар кылуу" (англ. Just Visiting This Planet, 1998) китептеринде жарык көргөн. 2001-жылы Тайсон АКШнын келечек аба жана космос мейкиндигинин өнөр жайынын өкмөттүк комиссиясында кызмат кылган, 2004-жылы болсо "Ай, Марс жана алыстык" (англ. Moon, Mars and Beyond) комиссиясында иштеген. Ошол эле жылы Тайсон Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкарманын Ардак медалына ээ болгон. 2006-2011-жылдар арасы ал PBS каналында "NOVA илим учурда" (англ. NOVA Science Now) телевизиондук көрсөтүүнү алып барган. Ошондой кийин, 2009-жылы Тайсон апталык StarTalk подкастын алып барат. 2015-жылы StarTalk окшош аталышындагы телевизиондук көрсөтүү National Geographic каналында көрсөтүлгөн. 2014-жылы Тайсон Карл Сагандын 1980-жылдын Cosmos: "Космос – жеке саякат" (англ. A Personal Voyage) сериалынын уландысы болгон "Космос – космостук Одиссей" (англ. Cosmos: A Spacetime Odyssey) телевизиондук сериалын алып барган. 2015-жылы АКШнын Улуттук илимий академиясы "коомчулукту илимий укмуш нерселерге пайда болгон кызыкчылыктарын ойготкон" Тайсонго Мамлекеттик жыргалчылыгы медалын ыйгарган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]