Оксфорд

Википедия дан

Оксфорд – Улуу Британиядагы байыркы шаар. Калк арасында «студенттер шаары» деп аталат. Темза дарыясынын боюнда, Англиянын түштүк-чыгышында жайгашкан. Оксфордшир графтыгынын административдик борбору. Калкы 146,7 миң (2010). Автомобиль кураштыруу, полиграфиялык өнөр жай ишканалары, үстү жабык базар иштейт. Оксфорд университети (1117-ж.; дүйнөдөгү англис тилиндеги эң мурдагы, неоготика жана классика стилинде), коллеж (14–19), Ашмола музейи (1683) бар. Алгач 912-жылдан эскерилет. Эски университет шаарчасы (12-кылымда негизделген), Бэсттин музыкалык аспаптар коллекциясы сакталган. Соңку роман стилиндеги собор (12-к.), роман жана готика стилиндеги чиркөөлөр (13–15-к.), Бодлеан китепканасы (1598, фондунда 6 млнго жакын китеп бар), университет коллеждеринин архитектуралык (1458) ансамбли шаарды өзгөчөлөнтүп турат. Ботаникалык бак уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]