Омбу

Википедия дан
Омск‎»‎ барагынан багытталды)
Омбу.

Омбу (орус. Омск) – Орусиядагы ири шаар. Омбу облусунун административдик борбору. Иртышка Омь дарыясы куя бериштеги порт. Калкы 1,1 млн (2010). Ири жолдор тоому. Транссибирь магистралындагы темир жол түйүнү. Эки аэропорту бар. Учурда Сибирдин өнөр жай, транспорт, маданий жана илимий борбору. Машина куруу жана металл иштетүү (өндүрүш бирикмелери: «Полёт», «Сибирь приборлору жана системалары», «Омсктрансмаш»), нефть ажыратуу, нефть-химиялык («Омский каучук», «Омскшина», «Омскагрегат», «Завод технического углерода» ААКтары, «Полистрол» ЖАКы), жеңил, жыгаччылык, тамакаш (пиво кайнатуу, эт комбинаты), авиа-космос өнөр жай ишканалары иштейт. Омскде 28 ЖОЖ [анын ичинде Омбу университети (1974-ж. уюшулган), филиалдар жана 14 мамлекеттик], китепканалар (анын ичинде атайын азиздер үчүн), сүрөт галереясы, край таануу жана сүрөт искусство музейлери, 4 театр (музыкалык, куурчак ж. б.), филармония, цирк бар.

Шаар 1716-ж. негизделген. 1782-ж. чейин Омбу абагы. Омбу 1808–1917-ж. Сибирь казак-орус аскерлеринин административдик борбору болгон. 1782–97жана 1804-жылдан шаар. 2003-жылдан жыл сайын агрардык-техникалык «Агро-Омск» көргөзмө-жармаңкеси өткөрүлүп турат. Төрт ЖЭБ иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]