Опол

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—4 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 1 метрдей келген төрт бурч сызылат, анын ортосунан түз сызык өткөрүлөт, ал сызыктын ортосуна бир чүкө тикесинен (опол) коюлат. Андан кийин ар бир оюндун катышуучусуна 5тен чүкөнү «оңолдук» эки жагына катарынан тизилет. Төрт бурчтун эки жагына, 4—5 м. аралыкка, чүкө ыргытуу сызыктар сызылгандан кийик, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө макулдашат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден сызыкта турушуп «казынадагы» чүкөлөрдү төрт бурчтан уруп чыгарууга аракеттенишет. Эгерде оюнчулардын бирөөсү «казынадан» бир же бирден көп чүкөнү уруп чыгарса, ал оюнду дагы улантат. Эгерде ыргытылган абалак төрт бурчтун ичинде калса, ал оюнчу абалак менен чертип, жаңылгыча чүкөлөрдү төрт бурчтан чыгарса болот. Эгерде оюнчулардын бирөөсү тикесинен коюлган «опол» чүкөнү төрт бурчтан уруп чыгарса, ал Оюнчу «казынадагы» чүкөлөрдүн бардыгын утуп алат. Андан кийин оюн кайрадан башталат, Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Чүкөнү көп уткан оюнчу жеңет.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, чүкөлөргө тийүүгө, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, ыңгайлуу болушу керек. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, бир бирин урматтоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]