Ориноко

Википедия дан
Ориноко

Ориноко (жергиликтүү таманак индейлеринин тилинде Оринуку – дарыя) – Түштүк Америкадагы дарыя; Венесуэла менен Колумбиянын аймагында. Узундугу 2730 км, алабынын аянты 1086 миң км2. Гвиана бөксө тоосунун түштүк-батыш бөлүгүнөн башталып, Гвиана ойдуңу аркылуу агып, Атлантика океанына куярда дельта пайда кылат. Негизги куймалары: Вентуари, Каура, Карони (оң), Гуавьяре, Вичада, Мета, Араука, Апуре (сол). Жогорку агымында Амазонканын алабына кирген Касикьяре дарыясы (агымынын 1/3 и) андан бөлүнөт. Жогорку агымы босоголуу, тоо аралап шар агат, ортонку агымында нугу кеңейип (жазылыгы 1–1,5 кмден 3 кмге чейин), суусу көбөйөт (тереңдиги 10–20 мден ашык). Орточо чыгымы 29 миң м3/сек, эң көбү 50–55 миң, эң азы 5–7 миң м3/сек. Барранкас шаарынан төмөн 36 салаага бөлүнүп, аянты 20 миң км2дей болгон саздуу зор дельтаны пайда кылат. Чатынан 400 км жогору, суу киргенде Колумбиянын чегине чейин кеме каттайт. Алабында ГЭС каскады бар. Боюндагы ири шаарлар: Санта-Барбара, Пуерто-Аякучо, Сьюдад-Боливар, ПуэртоОрдас (Венесуэла), Пуэрто-Кареньо (Колумбия).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]