Орландо Блум

Википедия дан

Орландо Жонатан Бланчард Блум (англ. Orlando Bloom;1977-жылдын 13-декабрында туулган) - англиялык актер. Ал "Шакектер ээси" (англ. The Lord of the Rings) трилогиясындагы Леголастын ролу менен таанылгандан кийин эпикалык тасмаларда, фэнтези жанрындагы тасмаларда ойноп, кино тармагындагы чыгармачылыгын уланткан. О. Блум "Хоббит" (англ. The Hobbit) трилогиясындагы Леголастын, "Кариб деңизинин каракчылары" (англ. Pirates of the Caribbean) тасмасындагы Уилл Төрнердин жана "Троя" (англ. Troy) тарыхый тасмасындагы Паристин ролдору менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган.

О. Блум Ридли Скотт тарткан "Бейиш өлкөсү" (англ. Kingdom of Heaven, 2005) көркөм тасмасында Балиан де Ибелиндин ролун, "Элизабеттаун" (англ. Elizabethtown, 2005) романтикалык комедиясында Дрю Бейлордун ролун аткарган. Актердун театрдагы чыгармачылыгы Лондондогу Duke of York театрынын сахнасында пьесада ойноо менен башталган. Андан кийин Бродвей театрында коюлган "Ромео жана Жульетта" трагедиясында роль жараткан. 2009-жылы БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) ыктыярдуу элчиси болгон. 2015-жылы Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Британия" сыйлыгын алган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]