Любовь Орлова

Википедия дан
Орлова Любовь Петровна‎»‎ барагынан багытталды)

Орлова Любовь Петровна [29. 1 (11. 2). 1902, азыркы Москва облусу Звенигород – 28. 1. 1975, Москва] – орус совет артисти, СССР эл артисти (1950). Москва консерваториясын (1919–22) театр техникумун (хореография бөлүмү) бүтүргөн. 1922– 33-ж. Вл. И. Немирович-Данченко атындагы Музыкалык театрда, 1955-жылдан Моссовет атындагы театрда иштеген. Орлованын чыгармачылыгы советтик музыкалык кинокомедиянын калыптанышы менен тыгыз байланыштуу. Ал режиссер Г.В. Александровдун «Шайыр балдар» (1934, Анюта), «Цирк» (1936, Марион Диксон), «Волга-Волга» (1938, Дуня), «Көктөмдө» (1947, профессор Никитина жана актриса Шатрова) музыкалык фильмдеринде жана «Эльбадагы жолугушуу» (1949, Жанет Шервуд), «Орус сувенири» (1960, Варвара Комарова) көркөм фильмдеринде ойногон. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941, 1950). Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]