Отто Нейгебауэр

Википедия дан

Отто Нейгебауэр (же Нойгебауэр, нем. Otto Eduard Neugebauer, 1899—1990) — австриялык, кийин америкалык математик жана илим тарыхчысы. Байыркы жана орто кылымдагы илим, өзгөчө математика жана астрономия тууралуу терең изилдөөлөрдүн автору. Анын эмгектери азыркы илим тарыхынын мазмунуна олуттуу таасир тийгизген. "O. Нейгебауэрдин китептери оригиналдуу ойлорду, антика методдорунун курч реконструкцияларын, илимдин өнүгүшүнүн чоң доорлорун ачып берген сүрөттөөлөрдү, тигил же бул идеологиялык багыттардын баасын, тигил же бул маселе же теориялардын келип чыгышы жөнүндө гипотезаларды ж.б. камтыйт".

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нейгебауэрдин биринчи ири илимий иши (1927) талаштуу, бирок жакшы аргументтелген вавилондуктардын алтымыштык эсептөө системинин келип чыгышы жөнүндө гипотезага арналган. Нейгебауэр Шумер мамлекетин Аккаддар басып алгандан кийин ал жерде узак убакытка дейре эки акча-тараза бирдиги жүргөн деп болжогон: шекел (сикл) жана мина. 1 мина = 60 шекел экени да такталган. Кийинчерээк бул бөлүнүү көнүмүш болуп калып, ошого жараша бардык сандарды жазуу системи пайда болгон.

Нейгебауэр 1929-жылы математика, астрономия жана физиканын тарыхына арналган кадыр-барктуу мезгилдүү басылма негиздеген (Quellen und Studien zur Geschichte der Mathematik, Astronomie und Physik). Анын бул жерде жарыяланган эмгектеринин бири - СССРде (1928) жүргүзүлгөн жана классикалык болуп калган "Москва папирусун" изилдөө болгон. Нейгебауэр 1931-жылы азыркы тапта да чыгып жаткан рефераттык "Zentralblatt MATH" математика журналын чыгара баштаган.

Нейгебауэр 1936-жылы байыркы кол жазмаларды даталоо жана анализдөө үчүн диофантин теңдемелерин колдонууну сунуштаган. 1937-жылы үч жылдык эмгектин аркасы менен Вавилон тексттеринин кенен комментарийлүү Mathematische Keilschrift-Texte жыйнагын жарыялаган. Бул эмгек вавилондук математиктердин мурда билинбеген жетишкендиктерин ачып көрсөткөн.

Нейгебауэр АКШга жер ооштургандан кийин (1939) "Mathematical Reviews" деп аталган дагы бир басылма негиздеген. Бул "Zentralblatt MATH"-тын англис тилдүү аналогу болуп калган. Абрахам Закс (Abraham Sachs) менен бирге 1945-жылы классикалык "Математикалык шынаа тексттер" (англ. Mathematical Cuneiform Texts) жыйнагын чыгарган.

Нейгебауэр илимий хронология менен көп алектенген. Александрия тарса календарынын (IV кылым) реконструкциясын жасап, анын байыркыраак еврей жана кийинкирээк чиркөө календарлары менен байланышын негиздеп берген.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]