Парвин Эттесами

Википедия дан
 پروین اعتصامی   Парвин Эттесами 

Иран элинин эң белгилүү жана сүйүктүү акын айымы. Парвин Эттесами 1907-жылы 16-мартта Табриз шаарында жарык дүйнөгө келген, бирок бала чагынан эле ата-энеси менен Тегеран шаарына көчүп келип, борбор калаада отурукташып, жашап калган.

Парвин Эттесаминин өмүр баяны жана ата энеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Парвин Эттесаминин атасы данышман жана жазуучу кадырман адам болгондуктан акындын жашоосунда маанилүү орунда турган. Ал кызынын жөндөмүн байкап, ага ыр жазууда көптөгөн дем-күч берип кубаттап турган. Эттесами Альмольк аты менен таанымал болгон Парвиндин атасы Юсуф Эттесами – абдан ыраакы, көрөгөч, кадыр барктуу адам болгон. Ал Тебриз шаарындагы эң алгачкы Басмакананы түптөгөн. Бир нече убакыттар Межлистин өкүлү да болуп эмгектенген. Парвиндин атасы Эттесам Алмольк “Бахор” (Жаз) журналынын жетекчиси болгон жана Парвиндин алгачкы ырын так ушул журналга чыгарган. Парвиндин ырлар жыйнагы 5 миң бейттен туруп, баа жеткис ыр саптары келтирилген. Паривндин атасы Эттесам Алмольктун төрт уулу жана бир кызы болгон. Ал илимий изилдөө иштерине жан дүйнөсү менен берилген жана анын үйү Малек аш-Шоара Бахар, Алламе Дэхода сыяктуу белгилүү адабиятчылар чогулган жер болгон. Таланттуу кичинекей кыз Парвин Эттесами ушундай маданий, таланттуу даанышман акын жазуучулардын чөйрөсүндө чоңойгон. Парвиндин апасы Ахтар Эттесами акылман, сабырдуу, үй-тиричилигине тың жана таза аял болгон. Ал кызынын чыгармачылык жолун назик жүрөгү менен сезип, мээримин чачкан жана кызынын чыгармаларын абдан ынтызар менен окуган.

Парвин Эттесаминин бала чагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Парвин Эттесами бала чагынан эле көп окуган. Анын үй-бүлөсү илимге берилген ак сөөк адамдардан болгондуктан илимий, маданий, өзгөчө адабий чыгармаларды алар менен аралашып, сүйлөшүп жүрүп таанып-билген. Ал эми Парвин 11 жашында Ирандын белгилүү акындары болгон Фердоуси, Низами, Мулана, Насыр Хосроу, Манучехри, Анварилердин чыгармалары менен таанышкан. Ал эми Парвиндин окуучулук жана чыгармачылык күндөрү жөнүндө жогоруда айтып өткөндөй ал бала чагынан чыгармачылыкка кызыгып, көптөгөн иран жазуучу даанышмандардын чыгармаларын калтырбай окуп, алардын баарын жакшы билген. Ошентип анын атасын Парвинге ырлардын көлөмү жана стилин үйрөнүү боюнча көп тапшырмаларды берип, көп машыккан. Кээде ал кызына байыркы акындардын ырларынын негизинде жаңы ыр жаратуу, же болбосо анын көлөмүн өзгөртүү үчүн жана кээде алардын жаңы уйкаштыктарын (рифма) табуу үчүн тапшырма берип турган. Мындай көнүгүүлөр жаш акынга ырларындагы сөздөрдүн уйкаштыгы, алардын оордун таамай таап койгонго жана ыр жазууда тажрыйба топтоого жардам берген. Парвин атасынан фарсы жана араб адабияты менен кеңири таанышып, кичине чагынан эле ыр жазып баштаган. Ал окуусун бүткөн соң бир нече убакыт окутуучулук кесип менен алектенген. Ошол маалда, ага шах сарайына кызмат кылуу сунушталган бирок, Парвин өзүнүн көз карашы менен Пехлеви режиминин ишенимдерин эске алып, ал сунуштан баш тарткан. Ал эми анын атасы Юсуф Эттесам Алмольк көп жерлерди кыдырган. Парвин атасы барган жерлердин барын атасы менен кошо ээрчип жүргөн. Ошентип атасынын Иран жана башка мамлекеттерге болгон сапарлары менен Парвин жаңы идеяларды тажрыйбаларды алган. Азыркы замандын ойчулу Мухаммад Казвинин 1935- жылы жарык көргөн Парвиндин жыйнагынын биринчи томун окуп чыгып, анын ырлары тууралуу мындай деген.“Барынан да таң калтыра турган нерсе – бул Парвин Эттесами айымдын ырларынын техникалык жагы. Ал өзүнүн ырларында эң мыкты сөздөрдү жана сөз айкалыштарын таамай таап колдонгону, анын чеберчилиги көптөгөн жылдар бою окуп жана иштеген тажрыйбасынын, көптөгөн илимпоздор жана даанышмандар менен болгон мамилесинин тажрыйбасы”.

Парвин Эттесаминин атасынын өлүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1937-жылдагы Парвин Эттесаминин атасынын өлүмү аны кайгы-капага, муң кайгыга чөмүлткөн. Мындай кайгылуу окуядан кийин Парвин достору менен сейрек кездешип, убактысынын көбүн жалгыздыкта өткөргөн. Атасынан айрылган Парвин Эттесами күйүтү күчөп, ич келте (брюшной тиф) оорусуна чалдыгып 1941-жылы 14-апрель күнү, 34 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Анын сөөгү Кум шаарында жерге берилген.

Парвин Эттесаминин чыграмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Парвиндин ырлар жыйнагы адеп-ахлак жана социалдык маселелерди камтыган касыдалардан, кытьа, маснави жана газелдерден турат. Парвин азыркы иран адабиятында жогорку жана маанилүү орунда турат. Яхья Арйан Пурдар “Нимадан бүгүнкү күнгө чейин” атту китебинде Парвин жөнүндө “Селжук доорундагы - Махасти сыяктуу акын айымдар көп болгон жана Парвинден кийин да кээ бир акын айымдар акын мырзалар менен бирдей ийгиликтерге жетишишкен. Бирок алардын бирин да Парвинге теңөө мүмкүн эмес. Анын ыр саптары баа жеткис жана мааниси бийик. Парвин өзү жөнүндө, айымдардын каалоосу жүрүм туруму жөнүндө жазбайт, ал өзгөчө идеяларды жана ишенимдерди таратууда жана үгүттөөнү максат кылбайт. Ал жаңы ой- толгоолорду үгүттөп, өзүнүн ырларын адеп-ахлактык жана коомдук оңолууларды чагылдыруу үчүн гана колдонгон. Парвин Эттесаминин ырларынын мазмундук мааниси, өзүнө жандуу жана түркүн көрүнүштөрдүн камтып, окурмандарга кубаныч, толкундоо жана кайраттулук тартуулайт. Парвин акылмандуулук, адептүүлүк, керемет күчтөрдү айкалыштырып, өзүнчө бир стиль жарата алды. Анын ырлары классикалык ырлардын катуу техникалык эрежелерине карабастан – жөнөкөй, уккулуктуу жана бири-бири менен таң калаарлык уйкалышып, чечен. Анын ырларын талыкпай окуп, лаззат алууга болот. Парвиндин ырларынын өзгөчөлүгү – бул чын жүрөктөн берилиши жана тоналдуулугу, табигый көрүнүштөрдү жандуу сүрөттөшү, ой-толгоолорунун ар түрдүүлүгү жана коомго тараган башкаруудан жана ишенимдерден кутулуу. Парвиндин ырларындагы оор маселе – анын сезимдерин жарып өткөн оор маселе. Катаал жашоодогу адамдардын кыйычылыктарын түшүнүү вазыйпасын чагылдыруу. Мунун баары акындын ырларынын перс адабиятындагы негизги темасы. Мындай жетишкендиктердин туу чокусуна чыгуу материалдык жана тынчтыктын жолу менен эмес, рухий тазалануунун жардамы менен болгон. Парвин Эттесаминин доору маданий баалулуктардын кыйроо доору болгон. Ошого карабай акындын ырлары акыйкаттыкты таамай айтып, баалуулуктарды сактап калуу болгон. Анын ырлары бүт бойдон Реза Хандын жагымсыз доорунун шарттарына карабай насыяттардан жана кеңештерден турат. Ал жалпы элди таза жана акыйкат жашоого чакырат. Парвин Эттесами ыр саптарын жаратууда көбүртүп жабыртып аша чапканды жаман көргөн. Тайманбай акыйкат сөзүн сүйлөгөн акын жүрөгүнөн чыккан, өзү керектүү жана туура теп ойлогон ой-толгоолорунун барын ыр саптарына шуурудай тизип жазган. Анын сөздөрүнүн жөнөкөйлүгүнө карабай, ал эң мыкты жана көп маанилүү сөздөрдү камтый алган. Ал өзүнүн ыр саптарында окурмандарга жашоодогу бактылуулукка жана кереметке жол көрсөтөт. Ал билим жана тырышчаактык жашоодогу баардык кыйынчылыктарды жеңүүчү каражат экенин айтып өтөт. Парвин Эттесаминин чыгармачылыктагы жетишкендиктеринин эң негизги себеби – бул анын айлана чөйрөгө болгон таамай жана туура ой-толгоолорунун тереңдиги. Анын ой-толгоолору карапайым элдин кайгысы жанан капасы менен бирге болгон. Ал ырларында жер жүзүндөгү ар бир адамга акыйкат жана ак ниет жашоону каалаган. Ал бир гана адамдардын татаал жашоосун чагылдырбастан, алардан кутулуу жолун да чагылдырган. Ал ырларынын көбүндө зордук-зомбулук, эзүүчүлүккө каршы чагылдырган.

Парвин Эттесаминин сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Парвин Эттесаминин атындагы адабий сыйрлык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2004-жылдагы “Парвин Эттесаминин адабий сыйлыгы” фестивалын өткөрүү Маданият жана ислам министрлиинин иш аракети аркылуу Ирандын белгилүү инсандары тизмесине киргизүү менен ишке ашкан. Бул фестивал ошол эле 2004-жылы 5-августта ткн. Аталган сыйлыкты берүү максаты Парвин эттесамиинин урматын, анын жазуучулук талантын жана аял затынын адабий чыгармаларын эскери, улуттар аралык биримдикте өзгөчө ислам жаатында биримдикте болуп, фарсы адабиятындагы акын жана жазуучу, адабият таануучу жана илимпоз аялдарга ыраазычылык билдирүү иретинде “Жыл сыйлыгын уюштуруучулар” тарабынан берүү болуп эсептелет. Бул сыйлык жыл сайын 16-март күнү “Парвин Эттесамини эскерүү күнүндө” Мадания жана ислам министрлиги жана Китеп үйү коомунун катышуусу менен жогоруда аталган сыйлык иран акын, жазуучу аялдарына ыйгарылат. Бул сыйлыктын бир нече б.а. акындык, балдар адабияты, драматикалык адабият, илимий изилдөө адабияты, балдар жана өспүрүмдөр адабияты жана башка бөлүмдөргө бөлүнөт жана жеңүүчүлөрдүн арасынан белгилүүлөрү деп Мариям Занди, Руйа Садр, Бехназ Алипур, Таране Алидусти, Фариба Колхер, Гита Гарканио, Ирфан назар Ахари жана Фариба Юсефи лерди айтса болот.

Кинематография тармагындагы “Парвин Эттесами атындагы сыйлык”[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Парвин Эттесами атындагы кинофестивал жыл сайын мыкты режиссер айымдарга ыйгарылат. Аталган кинофестиваль “Мазияр Резахани” тарабынан 2005-жылдын январь айында түзүлүп, азыркыга чеийн өткөзүлүп келет. Бул кинофестиваль “Үй бүлөнүн түптөлүшүндөгү аялдын орду”, “Үй бүлө экономикасындагы аялдын орду”, “Аял – үй бүлө очогу” сыяктуу тематикаларга бөлүнөт. Жалпысынан аталган кинофестиваль 8 жолу өтүп, кино тартуу тармагында эмгектенген 844 айымдын атагын чыгара алды.

Эскерүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Парвин Эттесаминин үйүнүн кире бериш жерине төмөндөгүдөй жазуу бар: Ир расмий жылнамасы менен 25-исфанд (март айы) Парвин Эттесаминин туулган күнүнө карата “Парвин Эттесамини эскер күнү” деп жарыяланат. Данешсари Али Ирандагы маданий революциядан кийин Хорезми шаарынын университетине Парвин Эттесами атын ыйгарган, жана бүгүнкү күндө ал университет Парвин Эттесами атындагы университети деп эсептелет. Андан тышкары Парвин Эттесаминин эстеликтери Ирандын баардык жерлеринде орнотулган жана алардын эң чоңу деп Тегеран шаарындагы Милад мунарасында, Табриздеги Валиаср микрорайонундагы жана Парвиз Эттиесаминин йнн кире беришиндеги тепкичтердин жанында орнотулган Парвин Эттесаминин эстеликтерин айтууга болот.

Парвин Эттесами жашаган үй[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги жазылышы: Парвин Эттесаминин үйү خانه پروین اعتصامی Хане-е Парвин Эттесами Парвин Эттесасинин үйү Табриз шаарында Аббаси көчөсүндө , Мир Ага мечитинин жанында жайгашкан. Үйдүн имаратынын салынышы Пахлави биринчинин доорун дал келет. 2007-жылдын 19-март күнү Парвин Эттесаминин үйү 18681 номуру менен Ирандын улуттук мурасы катары катталган. Азыркы тапта аталган үй музейге айланган жана анын ичинде Парвин Эттесаминин өздүк буюмдары, китептери сакталуу. Ал эми Парвин Эттесаминин Тегеран шаарындагы үйү кандайдыр бир ишкананын иш бөлмөсүнө, жашай турган бөлүмү жана үй эмеректерин жасоочу ишканага айланган.

Окшош издөөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абулхасан Эттесами
  • Юсуф Эттесами
  • Парвин Эттесаминин үйү

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Moayyad، «EʿTEṢĀMĪ, PARVĪN»، ENCYCLOPÆDIA IRANICA, 666-669
  • Тебиян веббети, 2016-жылы 15 сентябрда кайрадан оңдолгон
  • Парвин Эттесаминин дивандары (ырлары)
  • Хадад Аадел “Парвин Эттесами” Ислам дүйнөсүнүн энциклопедиясы
  • Бахман, Парвин Эттесами (Белгилүү адамдар)
  • Парвин Эттесами Чоң исламий энциклопедия
  • Шафийи Кодкони, Шам чырак жана күзгү менен
  • Калипов, Балдар жана өспүрүмдөр үчүң энциколпедия
  • Чавуш Акбари Парвин Эттесаминин дивандары (ырлары), үчүнчү басылыш
  • Юсуф Эттесами (Этесам Альмольк) азыркы тарыхты изилдөө уюмунун веббети, 2014-жылы 15 сентябрда оңдолгон.
  • Каримиан, Парвин Эттесами жөнүндө бир нече тарыхый документтер, Адебестан журналы 24-25б.
  • Чавуш Акбари Парвин Эттесаминин дивандары (ырлары), үчүнчү басылыш
  • Салыштырма адабият журналы, үч түрлүү тамчы
  • Бахман, Парвиз Эттесами (Белгилүү адамдар) 13.
  • Бахман, Парвиз Эттесами (Белгилүү адамдар) 09.
  • Бахман, Парвиз Эттесами (Белгилүү адамдар)16-17.
  • Бахман, Парвиз Эттесами (Белгилүү адамдар)18.
  • Бахман, Парвиз Эттесами (Белгилүү адамдар)1.
  • Бахман, Парвиз Эттесами (Белгилүү адамдар) 18-19.
  • Бахман, Парвиз Эттесами (Белгилүү адамдар) 20.
  • Парвин эттесаминин жылнамасы, ай сайын чагуучу Философия жана адбият журналы 112, 113, 114.
  • Бахман, Парвиз Эттесами (Белгилүү адамдар) 21.
  • Заринкуб Адабий анализ топтому,
  • Абу Талеб, “Сабадан Нимага чейин, Фарсы адабиятнын 15 жылдык адабияты.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Фехри Азер, Парвин Эттесаминин жынамасы, Философия жана адабият журналы, Тегеран, Иран китеп үйү 112-113,114бб. 2015-ж. 29-июль.
  • Аринпур Яхийайи, Парвин Эттесами, Сабадан Нимага чейин, Фарсы адабиятынын 15 жылдык тарыхы. 3-том, Нимадан биздин кнг чейин, Амир Кабир басмаанасы, 2003=жыл.
  • Абуталеб Реза, Парвин Эттесаминин ырлары, Пири басмаканасы, 2008
  • АбулФатих, Парвин Эттесаминин өмүр баяны, Тегеран
  • Мухаммадали Исламнадушан, “Аалам таануучу жандар”, Тегеран, Гатре басмаканасы, 2013-ж.
  • Бахман Мехиназ, Парвин Эттесами, (Белгилүү инсандар) Тегеран: Медресе басмаканасы 2010-жыл.
  • Чвус Акбари, Рахим, Парвин Эттесаминин дивандары (ырлары), Тегеран: Мухаммад басмаканасы, 2000
  • Хадад Адель “парвин Эттесами” Ислам дүйнөсү энциклопедиясы, 5 том, Ислам энциклопедиясы уюму 2010-жыл.
  • Дебаши Хамид, Ахлаг жана саясат ыры: Парвин Эттесаминин ырлары, Ирантаануу, 1-август 2015-жылы оңдолгон.
  • Али Дехбаши, Парвин Эттесаминин эскерүүлөрү, Макалалар. Тегеран: Донийайи мадар басмаканасы, 1991-жыл.
  • Дихим Али, “Иран акын аялдарынын үнү, Парвин Эттесамиден бүгүнкү күнгө чейин”, Тегеран: 1993-ж.
  • Заринкуб Абдулхосейин, Адабий сын топтому, Тегеран: Илим басмаканасы, 1991-ж.
  • Аскари Турзани Кари, “парвин Эттесами парс тилдүүлөрдүн улуу акыны, Тегеран 1975-жыл.
  • Калипов Касым, “Балдар жана өспүрүмдөр үчүн энциклопедия” 2-том, Тегеран: Азади басмаканасы, 1998-ж.
  • Карими Ахмад, Парвин Эттесаминин ырлары, 1-басылыш, Яадгар басмаканасы, 1980-ж.
  • Каримиян Али, “парвин Эттесами жөнүндө бир нече тарыхый документтер”, (маданият жана көркөм адабият борбору, Тегеран: 1973-ж.
  • Юсеф Голиам Хосейин, Тунук булак, Тегеран 1980-ж.
  • Фарсы тили жана адабияты академиясы, “Парвин Эттесами жана анын ырга болгон салымы, 29-июль 2015-ж.
  • Деххода сөздүгү “Парвин Эттесами” маалымат 2015-жылы 29-июлда кошулган жана 2014-жылы 18-августта оңдолгон.
  • Moayyad, Heshmat. “EʿTEṢĀMĪ, PARVĪN”. In ENCYCLOPÆDIA IRANICA. vol. VIII. 1998. 666–669. Archived from the original on 29 July 2015.
  • Kramarae and D. Splender. Routledge International Encyclopedia of Women: Global Women's Issues. Routledge, 2000. 1273. ISBN ‎4-92091-415-0.

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Парвин Эттесаминин толук ыйрлар жыйнагы
  • Парвин Эттесаминин адабий сыйлыктары
  • Ираника

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D9%BE%D8%B1%D9%88%DB%8C%D9%86_%D8%A7%D8%B9%D8%AA%D8%B5%D8%A7%D9%85%DB%8C ّАдабаият