Пенсильвания штатынын Университети

Википедия дан
Пенсильвания штатынын университети.

Пенсильвания штатынын университети (англ. Pennsylvania State University; Пенн Штаты же PSU деп кыскартылат) - мамлекеттик, гранттык, жана илимий-изилдөө жогорку окуу жай. Анын кампустары жана объекттери Пенсильваниянын бардык жеринде жайгашкан. Ал 1855-жылы негизделген, жана окуу жай негизги үч миссиясы - окутуу, изилдөө, жана мамлекеттик кызмат болуп саналат. Анын окуутуу миссиясына бакалавр, магистратура, кесиптик, резиденттик нускама жана онлайн аркылуу билим берүү камтыйт. Университеттин Парк кампусу, башкы кампусу, Стейт Колледж жана Тауншип колледждери жайгашкан райондо турат. Анда эки юридикалык мектеп бар. Биринчиси - Пенн штатынын мыйзамы мектеби университеттин Парк кампусунда, ал эми Дикинсон мыйзамы мектеп Карлайлда, Коомдук колледжден 90 чакырым алыс турат. Медициналык колледжи Хэршэйде жайгашкан. Пенн университетинде штат боюнча жайгашкан дагы 19 шерикетеш кампусу жана 5 атайын миссиясын аткаруу кампустары. Пенн университети "Коомдук Айви" деп белгиленген, жана ошондой эле Айви лигасына кирген жогорку окуу жайлардай сыяктуу, бул дагы билим берүү сапаты абдан жогору болуп эсептелинет.

Жыл сайын университетте Penn State IFC/Panhellenic Dance Marathon (THON) өтүп турат, ал дүйнөдөгү ири студенттик кайыр-садагачылыгы болуп эсептелинет. (Thon). Бул иш-чара университтин Парк кампусундагы Брайс-Джордан борборунда өткөрүлөт. 2014-жылы THON программаны $ 13,3 млн кылып рекорд койду. Университеттин Penn State Nittany Lions деп аталган атлетика командалары NCAA Division I бөлүмүнүнө катышышат. Алар көптөгөн спорт түрлөрү боюнча Big Ten жыйынына да катышышат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кампустары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]