Питеас

Википедия дан

Питеас, Пифей (б. з. ч. 4-кылым) – байыркы грек деңиз сүзүүчүсү, астроном, математик жана географ. Б. з. ч. 350-320-жылдар аралыгында Европанын түндүк жана батыш жээктерин бойлой сүзүп өткөн. Жаңы Зеландия, Улуу Британия жана Ирландия а-н, Бретань менен Скандинавия жарым аралын, Түндүк жана Ирланд деңиздерин, Каттегат кысыгы менен Бискайя булуңун ачкан. Ал эклиптика тегиздигинин жантайыңкы абалын жана асман экваторунун тегиздигин эсептеп чыгарган, Питеас алгачкылардан болуп Ай менен океандын тартылуу жана ташкын кубулуштарынын ортосунда байланыштардын бар экенин көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]