Питер Пауль Рубенс

Википедия дан
Рубенс (1623).

Питер Пауль Рубенс (1577, Германия, Зиген – 1640, Антверпен) – фламанд живописчиси. Кайра жаралуу доорунун классикалык искусствосунун, М. Караваджонун живописинен, улуттук реалисттик традициядан таасирленген. Рубенс живописке динамикалуу турмуш стихиясынын илебин киргизип, адамдын таза сезиминин сулуулугун, жаратылыштын кооз ыргагын даңазалайт. Барокко искусствосуна мүнөздүү удургуган көтөрүңкү патетика, салтанаттуу параддуулук жана декорациялуулук Рубенстин чыгармаларында турмуштагыдай жандуулугу, образдардын оптимизми, реалисттик байкоолордун чечкиндүүлүгү менен эриш-аркак жүрөт. Ал 2–3 миңдей чыгарма жараткан. Антверпен соборунун алтардык картиналары (1610–14), “Персей жана Андромеда” (1620–21-ж. чен), “Вакх” (1635–40-ж. чен; экөө тең Эрмитажда), “Мария Медичинин тарыхы” (1622–25, Лувр), “Каманга аңчылык кылуу” (1618-20-ж. чен Сүрөт галереясы, Дрезден) жана башка Рубенс ошондой эле эскиздери менен сүрөттөрүндө да чебер живописчи экендигин даана көрсөткөн. Анын чыгармачылыгы фламанд жана Европа живописинин өнүгүшүндө зор роль ойногон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]