Плисецкая Майя Михайловна

Википедия дан

Плисецкая Майя Михайловна (20. 11. 1925, СССР, Москва шаары – 2. 5. 2015, Германия, Мюнхен) – советтик балет артисти, хореограф, педагог, жазуучу. СССРдин эл арт. (1959). Лениндик сыйлыктын лауреаты (1964). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1985). 1943-жылдан Чон театрда. Орус хореографиялык мектебинин салттарын советтик балеттин жаңы формалары менен айкалыштырган. 1953-ж. «Ленфильм» киностудиясында «Орус балетинин чеберлери» тасмасына Б. Асафьевдин «Бахчысарай фонтаны», «Париж жалыны», П. Чайковскийдин «Ак куу көлү» балеттеринде башкы партияларды аткарган. Р. Щедриндин «Анна Каренина» (1972, башка балетмейстер менен бирге), «Ак чардак» (1980) балеттерин койгон. 1980–90-жылдары Р. Щедрин менен бирге чет өлкөлөрдө жүргөн, 1983–84-жылдары Рим опера жана балет театрында, 1988–90-жылдары Мадриддеги Испан улуттук балетинде «Театро лирико насионалдын» балет труппасынын көркөм жетекчиси болгон. Санкт-Петербург шаарында 1994-жылдан өтүүчү эл аралык «Майя» балет конкурсунун төрайымы. Париждеги Бий академиясынын Анна Павлова (2005, Испания), Эл аралык япон императордук (2006, Япония) ж. б. көптөгөн сыйлыктын лауреаты. Венгр академиясынын Ардактуу доктору (Будапешт, 2008). 3 Ленин, 4 «Мекен алдында синирген эмгеги үчүн» орденинин 4 даражасы жана чет өлкөлөрдүн көптөгөн орден, медалдары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]