Пол Нүман

Википедия дан

Пол Леонард Нүман (англ. Paul Newman;1925-жыл 26-январь — 2008-жыл 26-сентябрь) — америкалык актер, IndyCar айдоочусу, ишкер, активист жана филантроп болгон. Ал бир канча сыйлыктарга көрсөтүлүп, утуп алган. 1986-жылдагы "Акчанын түсү" (англ. The Color of Money) тасмасындагы ролу үчүн "Оскардын", "БАФТАнын", АКШ киноактерлор гилдиясынын, Канн кинофестивалынын, "Эмминин" наамдарына жана башка көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон. Нүман тартылган башка тасмалар "Алдамчы" (англ. The Hustler, 1961), Бутч Кэссиди жана Санденс Кид (англ. Butch Cassidy and the Sundance Kid, 1969), "Афера" (англ. The Sting, 1973) жана "Өкүм" (англ. The Verdict, 1982) болуп саналат. Бирок ал, балким, "Суук кандуу Лүк" (англ. Cool Hand Luke, 1967-жыл) тасмасында жараткан ролу менен көбүрөөк эсте калган.

Айрым түстөрдү так ажырата албаганына карабастан Нүман Американын спорттук автомашина клубунун жарышынын бир нече улуттук чемпиондугунда жеңишке жетип, анын командасы ачык дөңгөлөк IndyCar жарышында бир канча жолу чемпион аталган. Ал "Newman's Own" азык-түлүк компаниясынын тең түзүүчүсү болгон. Салык төлөнгөндөн кийинки бардык кирешени жана сый акыларын кайрымдуулукка жумшаган. 2017-жылдын январына карата анын ыктыярдуу кайрымдуулугунун суммасы 485 млн АКШ долларынан ашуун сумманы түзгөн. Ал "Коопсуз суу тармагы" (англ. Safe Water Network) коммерциялык эмес уюмун негиздегендердин бири болгон. Уюм муктаж болгондорго ичүүчү сууну туруктуу камсыздоо боюнча иш алып барат.

1988-жылы Нүман "SeriousFun" аттуу балдар тармагын негиздеген. Жайкы лагерлер менен программаларды камтыган дүйнөлүк тармак түзүлгөндөн тартып олуттуу илдетке кабылган 290,076 балага кызмат көрсөткөн.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]