Помпей Гней

Википедия дан

Помпей Гней (ылакап аты Улуу; б. з. ч. 106-48) - байыркы римдик кол башчысы жана саясий ишмери.

Помпей саясий мансабын б. з. ч. 83-ж. Сулла тарапта баштаган.

71-ж. Спартак көтөрүлүшүн басышкан.

70-ж. консул. Помпей 66-ж. Митридат VI Евпаторду жеңип, Римге жаны аймактарды кошкон.

60-ж. Помпей сенатка каршы Красс жана Цезарь менен биригип союз түзгөн (биринчи триумвират).

50-жылдары Помпей жеке бийлик үчүн сенат тарапта Цезарга каршы күрөшкөн.

48-ж. Фарсалда Цезардын армиясынан талкаланып, Египетке качып, ошол жакта өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.