Порт-Харкорт

Википедия дан
Порт-Харкорт.

Порт-ХаркортНигериянын түштүгүндөгү шаар. Риверс штатынын административдик борбору. Калкы 2,1 млн (2010). Эл аралык аэропорту бар. Гвинея булуңунун жээгинде жайгашкан жүк өткөрүмдүүлүгү боюнча өлкөдөгү 2-порт (Лагостон кийинки). Пальма майы сыгылат. Тамеки, ун, цемент, битум чыгаруучу өнөр жай ишканалары иштейт. Нефть жана газ казып алуунун борбору. Нефть жана газ ажыратуучу заводу бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]