Перл-Харбор

Википедия дан
Пёрл-Харбор‎»‎ барагынан багытталды)
Пёрл-Харбор (1986).

Пёрл-ХарборАКШнын Оаху аралынын түштүк жээгиндеги булуңда жана Гонолулудан (Гавай аралы) батыш тарапты көздөй 10 км аралыкта жайгашкан аскер-деңиз базасы.

Пёрл-Харбор (7.12 1941).

20-кылымдын башында түзүлгөн. 1941-ж. 7-декабрда Япония ага күтүлбөгөн жерден кол салып, Тынч океанда согуш баштаган. 1941-жылдын 7-декабрына чейин Пёрл-Харбордо АКШнын Тынч океандагы флотунун негизги күчтөрү жайгашкан, анын ичинде 8 линкор, 8 крейсер, 29 эсминец, 5 суу астында жүргөн кеме, 9 минага каршы тосмо, 10 тралыцик, 24 кошумча кеме, аскер аба күчтөрүндө 394 самолёт болгон. 7-декабрда адмирал Ямамото Усирокунун командачылыгында япон аскер күчтөрү Пёрл-Харбор аскер базасына күтүлбөгөн жерден кол салган. Япон авианосецтеринен көтөрүлгөн самолёттор эки эшелон менен ар кайсы тараптан 2 саат бою (жергиликтүү убакыт боюнча) америкалык кемелерди, аэродромдорду жана жээкте жайгашкан аскер күчтөрүн бомбалаган. Натыйжада 4 линкор, 2 эсминец, 1 минага каршы тосмо чөктүрүлүп, 4 линкор, 3 крейеер, 1 эсминец жарактан чыгып, 188 самолёт жок кылынып, 3 миңден ашык адам өлгөн. Япониянын флотунан 29 самолёт жана 5 суу астында сүзүүчү кеме жок кылынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]