Райан Рейнольдс

Википедия дан

Райан Родни Рейнолдс (англ. Ryan Rodney Reynolds; 1976-жылдын 23-октябрында туулган) - канадалык актер. Ал ABC каналында көрсөтүлгөн "Эки бала жана бир кыз"(англ. Two Guys and a Girl, 1998–2001) комедиясындагы Майкл Бергендин, "Тоонун этеги" (англ. Hillside, 1991) канадалык сериалында Билли Симпсондун, Marvel Comics тарткан "Блэйд : үчөө" (англ. Blade: Trinity, 2004) тасмасында Ганнибал Киңдин, "X-кишилер:Башталыш" (англ. X-Men Origins: Wolverine, 2009) тасмасында Уэйд Уилсондун ролун ойногон. "Дэдпул" (англ. Deadpool) тасмасындагы башкы ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына талапкер болгон.

2011-жылы DC Comics компаниясы тарткан "Жашыл чырак" (англ. Green Lantern) тасмасында Хэл Жордандын (Жашыл чырактын) ролун жараткан. Р. Рейнолдс "Ван Уайлдердин фельетону" (англ. National Lampoon's Van Wilder, 2002) "Амитивиллдин коркунучу" (англ. The Amityville Horror, 2005), "Ооба, жок, а балким" (англ. Definitely, Maybe, 2008), "Үйлөнүү сунушу" (англ. The Proposal, 2009), "Тирүүлөй көмүлгөн" (англ. Buried, 2010), "Крудстар үй-бүлөсү" (англ. The Croods, 2013) жана "Алтынга көмүлгөн аял" (Woman in Gold, 2015) аттуу тасмаларда дагы ойногон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]