Ранбир Капур

Википедия дан
Ранбир Капур
хинди रणबीर कपूर
англ. Ranbir Kapoor
Төрөлгөндөгү ысымы:

Ранбир Риши Капур

Туулган датасы:

28 -сентябрь 1982(1982-09-28) (41 жаш)

Туулган жери:

Бомбей, Индия

Жарандыгы:

Индия Индия

Кесиби:

актёр, кинопродюсер

Карьерасы:

2007 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

Filmfare Awards

IMDb:

ID 1633541

Ранбир Капур (хинди रणबीर कपूर, англ. Ranbir Kapoor; 1982-жылы 28-сентябрда Индиянын Бомбей шаарында төрөлгөн) — индиялык актёр. Мумбай шаарында Риши Капур жана Ниту Сингх актёрлордун үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Карьерасын Санжай Лила Бхансали деген режиссёрдун ассистенти болуудан баштаган. Кийинчирээк, 2007 жылы "Saawariya (Сүйүктүү)" деген тасмага биринчи жолу тартылган, ал ролу үчүн Filmfare сынагынын "Эң Мыкты Дебютчусу" деген наамын алган. Капур "Wake Up Sid (Ойгон, Сид)", "Ajab Prem Ki Ghazab Kahani (Өзгөчө Премдин ажайып сүйүү баяны)" жана "Rocket Singh: Salesman of the Year (Рокет Сингх: Жылдын сатуучусу" тасмаларында рол жараткан.

2011 жылы Капур "Rockstar (Рок жылдызы)" тасмасында аткарган ролу үчүн Filmfare журналынын "Эң Мыкты Эркек Аткаруучусу" наамын алган.

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Кыргызча аталышы Нукура аталышы Каармандык ролу Кошумча
2007 "Сүйүктүү" "Saawariya" Ранбир Раж Filmfare сынагынын "Эң Мыкты Эркек Дебютчусу"
2008 "Абайлагыла, кыздар" "Bachna Ae Haseeno]]" Раж Шарма
2009 "Ийгиликке мүмкүндүк" "Luck by Chance" Өзүн өзү Өзгөчө катышуу
2009 "Ойгон, Сид" "Wake Up Sid" Сидхадр "Сид" Мехра Filmfare сынагынын "Эң Мыкты Эркек Актеру"
2009 "Өзгөчө Премдин ажайып сүйүү баяны" "Ajab Prem Ki Ghazab Kahani" Прем Шанкар Шарма
2009 "Рокет Сингх: Жылдын сатуучусу" "Rocket Singh: Salesman of the Year" Харприт Сингх Беди
2010 "Саясат" "Raajneeti" Самар Пратап Filmfare сынагынын "Эң Мыкты Эркек Актеру" наамына көрсөтүлгөн
2010 "Бейтааныштар" "Anjaana Anjaani" Акаш
2011 "Шаңдуу Кече" "Chillar Party" Өзүн өзү Өзгөчө катышуу
2011 "Рок жылдызы" "Rockstar" Жанардан "Жордан" Жахар Filmfare сынагынын "Эң Мыкты Эркек Актеру"
2012 "Барфи!" "Barfi!" Мөрфи "Барфи" Жонсон Filmfare сынагынын "Эң Мыкты Эркек Актеру"
2013 "Бомбей сүйлөшүүлөрү" "Bombay Talkies" Өзүн өзү Өзгөчө катышуу
2013 "Ушул шаңдуу жаштар" "Yeh Jawaani Hai Deewani" Кабир "Банни" Тапар Filmfare сынагынын "Эң Мыкты Эркек Актеру" наамына көрсөтүлгөн
2013 "Тентек" "Besharam" Бабли
2014 "Бутнаттын кайтып келиши" "Bhoothnath Returns" Өзүн өзү Эпизоддук катышуу
2014 "Рой" "Roy" Рой Чыгарууга даярдалууда
2014 "Бомбей бархыты" "Bombay Velvet" Жонни Балраж Учурда тартылууда
2015 "Жага Жасос" "Jagga Jasoos" Жага Учурда тартылууда, продюсер катары дагы

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ранбин Капур 2008 жылы "Абайлагыла, кыздар" ("Bachna Ae Haseeno") тасмасында тартылуу учурунда Дипика Падукон менен романтикалык мамилелерин баштаган. Индиянын медиасы тарабынан өтө көп көңүл бургулган бул мамиле кийинки жылы аяктаган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]