Рига

Википедия дан
Рига
Rīga
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Латвия

Ички бөлүнүшү

6 район

мэр

Нил Ушаков

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1201

Аянты

304,05

Бийиктиктиги

7

Климатынын түрү

мелүүн деңиздик

Калкы
Калкынын саны

641 007 (2015)

Жыштыгы

2276,3 адам/км2

Этнохроним

ригалык, ригалыктар

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+2

Телефон коду

+371

Автоунаа коду

LV

http://www.riga.lv/

РигаЛатыш Республикасынын борбору. Даугава дарыясынын боюнда Балтика деңизинин Рига булуңуна куя беришинде жайгашкан. Климаты деңиздиктен континенттикке өтмө. Январдын орточо температурасы -4,5°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан-чачыны 649 мм. Калкы 706 миң (2010). Темир жол түйүнү. Деңиз порту. Шаар алгач 1198-жылдан эскерилет. 1201-жылдан шаар. Машина куруу (анын ичинде электр-техникалык, радио электроника), металл иштетүү, химиялык, химиялык-фармацевтика, полиграфиялык, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш, парфюмерия-косметика өнөр-жай ишканалары, курулуш материалдар өндүрүшү иштейт. Латвия ИА, ЖОЖдор (анын ичинде университеттер, музыка академиясы ж. б.), 21 музей (анын ичинде тарых, кемечилик, сүрөт ж. б.), 9 театр (анын ичинде улуттук опера жана балет) ж. б. бар.

Шаардын эски бөлүгүндө Домский собору (13-кылым), Екаб (13-кылым) жана Петер (13-14-кылымдардын башы) чиркөөлөрү, Орден сепили (14–19-кылымдар), 15–18-кылымдардагы турак жайлар ж. б. сакталган. Боордоштор көрүстөнү (1924–36) мемориал комплекси бар. Ригага жакын жерде климаттык (Юрмала, Огре, Сигулда) жана бальнеологиялык (Балдоне жана Кемери) курорттор жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]