Ричард Стоун

Википедия дан

Ричард Стоун - (улуттук эсептердин теориясын иштеп чыккандыгы үчүн) 1913-ж. Лондондо төрөлгөн. Кембридж университетин 1935-ж. бүтүргөн.

Стоун азыркы улуттук эсептердин системасын негиздеген. «Улуттук эсептердин системасы» аттуу китеби 1968-ж. жарыяланган. Стоундун системасы бардык өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө колдонулат. Стоундун улуттук кирешени эсептөөчү системасы кош бухгалтериянын ыкмаларын пайдаланууга негизделген. Анын ыкмасы киреше менен чыгашанын ортосундагы тең салмактуулукту талап кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9