Дондогу Ростов

Википедия дан
Ростов-на-Дону‎»‎ барагынан багытталды)

Дондогу Ростов – Россиядагы шаар (1797-жылдан). Ростов облусунун жана Түштүк федерация округунун административдик борбору. Дон дарыясындагы порт. Азов деңизинен 46 км. Шаарда мен дагы кичирээк Темерник дарыясы мен көлдөр бар. Калкы 1,5 млн (2011). Темир жол түйүнү. Машина куруу (телекоммуникация), радиолакация, навигация жабдуулары, Ми вертолёту, дан жана тоют жыйноочу комбайндар ж. б.), химиялык, жеңил (булгаары бут-кийим, тигүү), тамак-аш (консерва ж. б.), тамеки өнөр-жай ишканалары иштейт. Жогорку окуу жайлары (анын ичинде университет), консерватория, драма театры, музейлер (край таануу, көркөм өнөр) бар. Шаарга жакын жерде көптөгөн археологиялык эстеликтер (Кобяков, Ливенцовка ж. б.) сакталган. 1761-ж. негизделген. 2008-жылдан Аскер даңкы шаары статусуна ээ.[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Оюнчулар жөнүндө пайдалуу маалыматтар-на-Дон