Рыльский Максим Фадеевич

Википедия дан

Рыльский Максим Фадеевич [украинче Максим Тадейович Рильський; 7(19). 3. 1895, Россия империясы, Киев – 24. 7. 1964, СССР, ошол эле жер] – украин совет акыны, илимпоз, коомдук ишмер, СССР Илимдер Академиясынын академиги (1958). Чыгармалары 1907-жылдан жарыялана баштаган. «Салмак белгиси» (1932), «Киев» (1932, 1935), «Жүзүм жыйноо» (1940) сыяктуу ырларында советтик патриотизмди, эл достугун чагылдырат. Согуш жылдарында «Мекен-эне жөнүндө сөз», «Таңкы шоола», «Жаркын курал» (үчөө тең 1942) деген ыр жыйнактары үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгын алган (1943, 1950). «Розалар жана жүзүм» (1957), «Алыскы горизонттор» (1959) ж. б. лирикалык ыр жыйнактары, котормолору, адабият таануу, фольклористика боюнча илимий эмгектери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]