Рюкю

Википедия дан
Рюкю.

Рюкю, Нансей – Тынч океандагы архипелаг, Япониянын аймагында. Түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай уй мүйүз тартып, Кюсю жана Тайвань аралдарынын ортосунда 1200 кмге созулуп жатат. Аянты 4,8 мин км2дей. Эн ири аралдары – Окинава жана Амами. Рюкюнун түштүктөгү аралдар тобун бойлото шуру рифтери жатат. Плато жана жапыз тоолор басымдуу. Бийиктиги 1935 мге жеткен аракеттеги үч жана бир нече өчкөн жанар тоо бар. Климаты субтропиктик жана тропиктик муссондук. Жылдык жаан-чачыны 2000-3500 мм. Тайфундар тез-тез болуп турат. Тропиктик токойлор жана бадалдар ээлейт. Шалы, батат, бал камыш өстүрүлөт. Балык кармалат. Башкы шаары – Наха (Окинава аралында).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]