Самора Машел

Википедия дан

Машел, Самора Машел - Мойзее (1933-ж. т.)— Мозамбик Эл Республикасынын (МЭР) мамлекеттик ишмери.

Башталгыч мектепте окуган, андан соң Лоренсу-Маркиш санитариялык госпиталында иштеген. 1962-ж. Мозам­бикти боштондукка чыгаруу фронтуна (ФРЕЛИМО) мүчө болуп өткөн. 1964-ж. ФРЕЛИМОнун аскер отряддарын кураган. Ал башкарган парти­зандык топтор ошол жылы сентябрда Мозамбикте португал армиясына каршы согуш аракетин баштаган. 1966- жылдан ФРЕЛИМО БКнын мүчөсү жанa БКнын коргонуу департаментинин секретары. 1970-жылдан ФРЕЛИМОнун председатели. Мозамбиктин көз карандысыздыгы жарыяланган соң 1975- жылдан республиканын президенти. «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1977).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.