Селигер

Википедия дан

СелигерРоссиянын Калинин жана Новгород областтарындагы көл.

  • Валдай дөңсөөсунүн түндүк-батышында, деңиз деңг.
  • 205 м бийикте. Аянты 212 км2, орточо тереңд. 5,8 м, уз. 100 км.
  • Көл кууш жана кыска суулар менен туташкан бир нече жайыктардан турат.
  • Селигерде 160 арал бар. Ноябрь - декабрда тоңуп, апрель- майда ачылат.
  • Селигер ге 110 суу куят; ирилери: Черёмуха, Кранивенга, Сороча, Моменга. Көлдөн Селижаровка д. (Волганын куймасы) агып чыгат.
  • Балык кармалат. Жээгинде Осташков ш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.