Сергей Есенин

Википедия дан
Сергей Есенин
Туулган датасы:

21 -сентябрь (3 -октябрь) 1895(1895-10-03)

Туулган жери:

Рязань губерниясы, Орусия империясы

Өлгөн датасы:

28 -декабрь 1925(1925-12-28) (30 жаш)

Өлгөн жери:

Ленинград, СССР

Жарандыгы:

Орусия империясы,  ССРС

Ишмердүүлүгү:

{{{Ишмердүүлүгү}}}

Чыгармачылык жылдары:

19101925

Багыты:

Новокрестьянск поэттери (1914—1918),
Имажинизм (1918—1923) Лирика (1910-1925)

Жанр:

Ыр , поэма

Кол тамгасы:

Кол тамгасы

Чыгармалары Уикитекада.

Серге́й Алекса́ндрович Есе́нин (21 сентябрь (3 октябрь1895, Константиново айылы, Рязан губерниясы — 28-декабрь 1925, Ленинград[1]) — орус поэти, новокрестьянск поэзиясынын жана лириканын, чыгармачылыгынын кийинки убакыттарында — имажинизмдин да өкүлү[2]. 20-кылымдын орус поэттеринин арасындагы эң белгилүүлөрүнүн катарына кирген[3].

Биография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

21 сентябрьда (3 октябрь1895-жылы Рязан губерниясынын Константиново айылында крестьяндардын үй-бүлөсүндө жарыкка дүйнөгө келген. Атасы - Александр Никитич Есенин (1873—1931), энеси — Татьяна Фёдоровна Титова (1875—1955). Балалыгынын көпчүлүгү, аны чоңойткон чоң атасы жана чоң энеси менен бирге өткөн. Сергей тогуз жашында ыр жазып баштайт. 1904-жылы Есенин Константиновтук земдик окуу-жайына окууга кирет. 1909-жылы Константиновтук земдик окуу-жайын аяктап, Спас-Клепиктердеги церковдук-приходтук эки класстуу мугалимдик окуу-жайга тапшырат[4]. 1912-жылы Москва шаарына көчүп келип, И. Д. Сытиндин типографиясында эмгектене баштайт. Бир жыл өткөн соң А.Л. Шанявскиий атындагы Москва шаардык элдик университетине окууга өтөт.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Поэтти өлтүрүү тууралуу гипотеза 27 декабрьда көптөгөн криминалист жана поэттин биографтарынын көпчүлүгү менен кабыл алынган эмес.
  2. Биография Сергея Есенина. Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2013. Түп булактан архивделген күнү 9 -март (жалган куран) 2013.
  3. Merriam-Webster, Inc (1995). Merriam-Webster's Encyclopedia Of Literature. Merriam-Webster. pp. 1223–. ISBN 978-0-87779-042-6. Retrieved 28 October 2012. 
  4. Биография Сергея Есенина Archived 2013-03-15 at the Wayback Machine