Сергей Образцов

Википедия дан

Образцов Сергей Владимирович [22. 6 (5. 7). 1901, Москва – 8. 5. 1992, Москва] – советтик театр ишмери, актёр жана режиссёр, СССР эл артисти (1954), Социалистик Эмгектин Баатыры (1971). 1918–26-ж. Жогорку сүрөт өнөрканасынын живопись факультетинде окуган. 1922–36-ж. Москва көркөм академия театрында (МХАТ; (1926-жылдан Немирович-Данченко атындагы музыкалык театр) музыкалык студиясынын, артисти. 1931-жылдан мамлекеттик борбордук куурчак театрынын жетекчиси, Эл аралык куурчакчылар союзунун вице-президенти 1958-жылдан болгон. Балдарга арналган спектаклдери: «Каштанка» (Сперанский, 1935), «Кайыптын амири менен» (Е. Тараховская, 1936), «Мистер Твистер» (С. Маршак, 1961), «Аладдиндин чырагы» (Гернет, 1940); чоңдор үчүн: «Рождество алдындагы түн», «Бугу-король» (Е. Сперанский, 1941, 1943), «Укмуштуу концерт» (И. Шток, 1946) ж. б. Койгон фильмдери: «Укмуштар жанында» (1962), «Кинокамера айыптайт» (1968), «Ишенбей турган чындык» (1970), «Ошол Васька кимге керек?» (1973). СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967). 2 Ленин ордени, башка 2 орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]