Сильвестр Сталлоне

Википедия дан
Stallone (2012)

Майкл Силвестер Гардензио Сталлоне (англ. Sylvester Stallone;/ stəloʊn / италиянча: [stalˈloːne]; англ. ; 1946-жылы, 6-июлда туулган) - америкалык актер, режиссер жана сценарист. Ал Голливуддун экшн тасмаларындагы ролдору, 1976-жылдан - 2015-жылга чейин созулган жети бөлүмдүү "Рокки" (анг. Rocky) тасмаларында боксчу Рокки Балбоанын ролу менен, 1982-жыл менен 2008-жылдын аралыгында чыккан төрт бөлүмдүү "Рэмбо" (анг. Rocky) тасмасындагы аскер Жон Рэмбонун ролу менен жана 2010-жылдан - 2014-жылдын аралыгында тартылган үч бөлүмдүү "Карматкыстар" (анг. The Expendables) тасмасындагы Барни Росстун ролу менен таанымал. Ал жогоруда аталган үч бир нече чыгарылыштуу тасмалардын он төртүнүн сценарийин жазган жана биргелешип жазып, көпчүлүгүнө режиссерлук кылган.

Сталлоненин "Рокки" аттуу тасмасы Улуттук кино рээстирге кирип, анда колдонулган буюмдар Смитсондук музейге сакталган. Филаделфия искусство музейинин киребериши "Рокки" тасмасында колдонулгандыгы үчүн ал жерге "Роккинин кадамдары" деген ылакап ат берилген. Учурда Филаделфиядагы музейдин жанында "Роккинин" эстелиги бар. Бул маалымат 2010-жылы, 7-декабрда Сталлонеге "International Boxing Hall of Fameге" катышпаган категория катары добуш берилгенде жарыяланган.

1977-жылы, Сталлоне "Рокки" тасмасы үчүн "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты түп нускадагы сценарий" жана "Эң мыкты актер" наамдарына көрсөтүлгөн. Ал тарыхта Чарлз Чаплин жана Орсон Веллестен кийин бул эки наамды тең жеңген үчүнчү адам болгон. Ал Райан Куглердин 2015-жылкы "Крид" (анг. Creed) аттуу тасмасында Рокки Балбоанын ролун кайрадан жандандыргандыгы үчүн, киносынчылардын мактоосуна ээ болуп алгачкы "Алтын Глобус" сыйлыгын жеңүү менен үчүнчү "Оскар" наамына көрсөтүлгөн.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]