Соссюр Фердинанд Монжин де

Википедия дан

Соссюр Фердинанд Монжин де (1857-1913) - швейцариялык тилчи.

1891-жылдан Женева университетинин профессору. «Инди-европа тилдериндеги алгачкы үндүүлөр системасы жөнүндө мемуар» (1879) деген эмгеги менен бүткүл дүйнөгө таанылган.

Литва тилинин акцентологиясы боюнча изилдөө иштеринде Ф. Ф. Фортуңатов менен бир мезгилде, бирок аны менен байланышсыз турул, балтика, славян тилдеринин басымын, интонациясын аныктаган (Фортунатов - де Соссюр закону).

Студенттерге окуган лекциясынан түзүлгөн «Жалпы лингвистика курсунда» (1916) тил илиминде алгачкы ирет тилди система (структура) катары кароону сунуш кылган (к. Структурализм). Соссюрдун философиялык көз карашы француз рационализмине (Э. Дюркгейм, Г. Тарду), тилдик идеялары И. А. Бодуэн де Куртенэ, Н. В. Крушевский, У. Уитниге жакын.

Соссюрдун тилдик теориясы семиогика, антропология, адабият таануу жана эстетикага да таасир тийгизди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9