Герберт Спенсер

Википедия дан
Спенсер Герберт‎»‎ барагынан багытталды)

Спенсер Герберт (27. 4. 1820, Дерби - 8. 12. 1903, Брайтон) - англис философу, социолог жана психолог, позитивизмдин өкүлү.

Спенсер философияда агностик катары чыккан. Адамдын субъективдүү тажрыйбасынан тышкары чыгуу аракеттери «метафизика» болуп саналат деген.

Спенсер социологияда органикалык мектептин негиздөөчүсү болуп, адам коомун тирүү организмге окшоштурган. Коомдун тапка бөлүнүшү биологиялык мыйзамдын натыйжасы болгондуктан ал түбөлүк жашайт деп эсептеген. Ал тең салмак теориясына таянып, капитализмдеги карама-каршылыкты танган.

В. И. Ленин Спенсердин көз карашынын материализмге каршы экендигин белгилеген. «Прогресс, анын мыйзамы жана себеби» - деген биологиялык изилдөөсүндө Спенсер эволюциялык көз карашты колдогон

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.