Страленберг Филипп Иоган фон

Википедия дан
Орусыя (1725).

Страленберг Филипп Иоган фон (швед. Philip Johan von Strahlenberg), дворян чинине ээ болгонго чейин Табберт (швед. Tabbert) деген фамиляины алып жүргөн. Страленберг Филипп Иоган фон – Швециянын аскер офицери, шеограф, лингвист жана жазуучу. Енисей бассейниндеги кыргыздарга таандык болгон жазуу маданиятын, Енисейдеги рун сымал жазууну ачууга катышкан, немис окумуштуусу Г.Мессершмидтин экспедициясына катышкан. 1676-ж. Германиядагы Штральзунд деген жерде туулган. 1747-ж. Швециянын Фрёллинге шаарында дүйнөдөн кайткан. 1709-ж. Страленберг Орус мамлекетине кол салган швед королу Карл XII жандап жүргөн. Полтавадагы салгылашууга катышып, орустарга туткунга түшүп калган Страленберг 13 жылга Сибирге сүргүнгө айдалган. Тобольскиде сүргүндө жүргөн Страленберг менен немис окумуштуусу Д.Г.Мессершмидт таагышып калат да, орус императору болуп калган Пётр I ден (1921-ж.) Иван Филиппович Табертти (Страленбергди) экспедиция үчүн зарыл деген арыз менен бошотуусун өтүнгөн экен. Страленберг экспедициянын курамында Түштүк Сибирди кыдырып, зор маалыматтарды жыйнаган жана аларды кийин жарык көргөн эмгектерине колдонгон. Ништадт тынчиык келишими түзүлгөндөн кийин Швецияга кайтып кеткен. Страленбергдин жазган эмгектеринен Европаынын ошол кездеги илим чөйрөсү Сибирь жана ал аймакта жашаган калк, алардын маданияты, тилдери, үрп-адаттары, кыргыздардын Енисейдеги рун сымал жазуу маданияты тууралу маалыматтарды алышкан. Ал алгачкы китебин 1730-ж. жарыялаган. Орус мамлекети, алардын башкаруучулары, Сибирдин жергиликтүү калктары жана алардын тилдери илим үчүн өтө маанилүү. Анын китеби 1790-ж. орус тилинде жарык көргөн.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Предварительное сообщение о Великой Татарии и Сибирском царстве» (1726 г.), орус жана немис тилдеринде;
  • «Историко-географическое описание Северной и Восточной частей Европы и Азии» (1730 г.), орус жана немис тилдеринде.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015