Таиров Александр Яковлевич

Википедия дан

Таиров Александр Яковлевич [24. 6 (6. 7). 1885, Ромны шаары – 25. 9. 1950, Москва] – орус советтик режиссёру, РСФСРдин эл артисти (1935). 1905–13-жылдары Петербург, Москва, Рига, Киев театрларында актёр жана режиссёр. Таиров – Москвадагы Камера театрынын уюштуруучусу (1914–50) жана көркөм жетекчиси (1949). Бул театрда койгон спектаклдери: «Сакунтала» («Калидаса», 1914), «Жирофле-Жирофля» (Ш. Лекок, 1922), «Федра» (Ж. Расин, 1922), «Оптимисттик трагедия» (В. Вишневский, 1933), «Мадам Бовари», (Г. Флобердики б-ча, 1940), «Абышка» (М. Горький, 1946) ж. б. Тайбэй – 20-кылымдагы театр искусстводогу жаңычыл режиссёрлордун бири. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]