Тараз

Википедия дан
Тараз.

Тараз (1936-жылга чейин Аулие-Ата, 1936- 38-жылы Мирзаян, 1997-жылга чейин Жамбыл) – Түштүк Казакстандагы шаар. Жамбыл областынын административдик борбору. Талас дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 350,3 (2013). Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Химиялык (сары фосфор, фосфор жер семирткичи ж. б.), жеңил, тамак-аш, машина куруу, металл иштетүү өнөр жай, курулуш ишканасы иштейт. Шаар 5–16-кылымга таандык. Алгач Византия императору Юстин IIнин 568–69-жылдары түрк каганына жиберген элчиси Земарх тын маалыматында кезигет. 630-жылы келген Сюань-Цзяндын кабарында Тараздын (Та-ло-се) айланасы 8–9 лини (1 ли=576 м) түзүп, шаарда ар кайсы өлкөдөн келген көпөстөр жашаган. 751-жылы Зияд ибн-Салих жетектеген арабдардын колу Таразга жакын жерде тан аскеринин колун талкалаган. 893-жылы шаарды саманид Исмаил бен Ахмед басып алып, шаар тургундарын ислам динине киргизген жана Сайрам (Исфижаб) округуна каратылган. 9–10-кылымда Тараз карлуктардын карамагында калып, 11–12-кылымда Караханиддердин тушунда гүлдөгөн шаарга айланган. Монголдордун тушунда Жаңы (Ианги) – Тараз деген ат менен кезиге баштайт. 13–15-кылымда Чагатай улусунун, 15–17-кылымда тимуриддер жана шейбаниддер мамлекетинин курамына кирип, Жуңгар хандыгынын тушунда Тараз урандыга айланган. 1938–39-жылдары A. Н. Бернштамдын жетекчилиги алдында казуу иштери жүргүзүлгөн. Үч жогорку окуу жайы (анын ичинде университет), медициналык жана политехникалык колледждер, лицейлер, гимназиялар, медресе (диний билим берүүчү), театрлар (анын ичинде Абай атындагы драма), китепканалар бар. Мавзолей (11-кылым, 20-кылымда кайрадан оңдолуп, түзүлгөн) сакталган. Таразда 2013-жылы жеке менчик «Жүрөк» кардиохирургия клиникасы ачылып, ал жүрөккө татаал операцияларды жасап келүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]