Теймур Махмуд

Википедия дан

Теймур Махмуд (16. 6. 1894, Египет, Каир – 25. 8. 1973, Швейцария) – араб жазуучусу. Каирдеги араб тили академиясынын академиги, Египет адабиятында реалисттик новелла жанрын негиздегендерден. Чыгармалары 1920-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы чыгармаларын А. П. Чехов, Ги де Мопассандардын таасиринде жазган. 1920–30-жылдары гумандуулук багыттагы прозалык чыгармаларында Египетте жашаган элдин коомдук турмушун сүрөттөсө, 30–40-жылдары символизм, 50-жылдары реализм идеяларын камтыган ой-толгоолорго берилет. Теймур «Шамрух» (1958), «Көк фонарлар» (1960) деген социалдык романдардын, аңгемелердин, повесттердин жана драмалык чыгармалардын автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]