Тенишев, Эдхям Рахимович

Википедия дан

Тенишев Эдхям Рахимович (татарча Әдһәм Тенишев; 26-апрель 1921-ж., Пенза — 11-июль 2004-ж., Москва) - советтик жана орусиялык татар түркологу, монголтаануучу, чыгыштаануучу, СССР жана Россия ИАсынын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор, Россия ИАсынын Тил илимдер институтунун Урал жана алтай тилдери бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Россиянын түркологдор комитетинин төрагасы, Татарстан, Башкортостан ИАсынын ардактуу мүчөсү. «Советская тюркология» журналынын башкы редактору, «Сравнительно-историческая грамматика тюркских языков» аттуу көп томдук фундаменталдуу эмгектердин башкы редактору болуп иштеген.

Өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Э.Р.Тенишев 1921-ж. советтик Орусиянын Пенза шаарында татар интелдигенциясы өкүлүнүн үй бүлөсүндө туулган. Анын ата-бабасы Чынгыз хандын түрктөшкөн тукумунун ичинен Жучу улусуна кирген тектүү, кийинчерээк дворян наамын алган өкүлдөрүнүн урпагы болгон [1].

Тенишевдердин үкум-тукумунан Орусияга жана кийинки СССРге белгилүү интелигенциянын кадырлуу өкүлдөрү чыккан.

Э.Р.Тенишевдин ата-энеси уулунун ар тараптуу билим алуусуна шпртты түзүп беришкен.

Ал 1938-ж. Москва транспорт инженерлер институтуна тапшырат. 1941-ж. алгачкы математикалык эмгеги жарык көрөт. Математикага болгон шыгы Э.Р.Тенишевдин гуманитардык багыттагы илимдеги бараандуу ийгиликтерге жетишине шарт түзгөн.

Согуштан кийин Э.Р.Тенишев Ленинград университетинин Чыгыштаануу факультетине тапшырып, 1949-ж. "Кыпчакский язык и его связь с современными кыпчакскими языками (система спряжений)» аттуу темада дипломдук ишин коргойт.

Атактуу чыгыштаануучу С.Е.Маловдун жетекчилиги астында аспирантурага тапшырат.

1953-ж. байыркы уйгур эстелиги болгон булактын тилине арналган "Сутра Золотого Блеска" аттуу темада кандидаттык диссертациясын коргогон.

1954-ж. Э.Р.Тенишев Москвага которулуп, СССР ИАсынын Тил илими институтунда Түрк тилдеринин секторунда өмүрүнүн аягына чейин эмгектенди.

1956-ж. СССР ИАсынын Президуму Э.Р.Тенишевди Пекинге (Кытай эл Республикасы) жергиликтүү адистерге Кытайдагы түрк элдеринин тилдерин изилдөөгө көмөк берүү үчүн жонөтөт.

Натыйжада, жаш илимпоз үчүн илимий чоң жол ачылып, үч ирет жолу жана шарты татаал болгон Кытайдын ички аймактарына илимий жүрүштөрдү уюштурат (Шинжаң - 1956 г., Циньхай - 1957 г. и Сюньхуа - 1958 г.), анын натыйжасында лингвистикалык, фольклордук, этнографиялык жана тарыхый уникалдуу маалыматтарды топтоого жетишет.

Москвага кайтып келгенден соң, 1959-ж. тартып Кытайдагы жыйналган маалыматтарды системага салып, жарыялай баштаган эле.

Салар, сары югур жана Шинжаңдын башка уйгур диалектилерин изилдеп, илимий иштерин басмадан жарыялай баштаган.

1964 жана 1976 жж. "Строй саларского языка" и "Строй сарыг-югурского языка" (1976). аттуу фундаменталдуу монографиялары жарыкка чыккан. Биринчи аталган эмгектин негизинде 1969-ж илимдин докторлук диссертациясын коргогон.

1969-ж. Э.Р.Тенишев салар тилинин түркмөн жана уйгур тилдеринен обочолонгон өз алдынча калыптанган тил экендигин далилдеген илимдин докторлук диссертациясын коргогон.

"Строй сарыг-югурского языка" аттуу монографиясы да уйгурлардын бир бөлүгү деп аталган сарыг югурлардын тилинин тарыхын изилдеп, салар тили сыяктуу эле кытай жана байыркы уйгур, кыргыз тилдеринин таасирин алган тил деген жыйынтыкка келген.

Э.Р.Тенишевдин Чыгыш Түркстандагы элдердин тилдерин изилдөө түркология илимине жана анын теоретикалык оңугүүсүнө өз салымын кошо алды. Бул илимий проблема анын "De la branche orientale de l'alliance de langues centrale asiatique" аттуу макаласында жарыяланган.

1997-ж. "Тюркские языки" (серия "Языки мира") аттуу жамааттык эмгек жарыкка чыкты.

Э.Р.Тенишев 2004-ж. дүйнөдөн кайткан.

Кыргыз таануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Э.Тенишев Кытайдагы кыргыздар, фу-йү кыргыздары, сарыг уйгурлар ж.б. жөнүндө илимий эмгектер жазган, кыргыз тилинин тарыхы боюнча өзүнүн концепциясын сунуштаган.

Э.Р.Тенишевдин пикиринде сарыг югур тили байыркы уйгур тилдеринин бир диалектиси ( d – тили), кийнчерээк кыргыз тилинин (Z - тили) кыргыз тилинин күчтүү таасирин алган.

1997-ж. Бишкекте Э.Р.Тенишевдин "Древнекыргызский язык" аттуу эмгеги жарыка чыккан. Анда кыргыз тилинин тарыхый өнүгүүсүнүн (байыркы жана орто кыргыз тили) этаптарын реконструкциялаган, бирин – экинчиси алмаштырган диалектикалык базанын жана башка тилдер менен алакалары изилденген.

“Манас” эпосу жаралып, калыптанган биринчи этаптагы тил деген жыйынтыкка келген.

Э.Тенишевди Чыңгыз Айтматов өзгөчө сыйлаган.

Анын Кыргызстандагы шакирттери улуу түрколог салган илимий чыйырды улантышып келүүдө.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Э. Р. Тенишев, Б. Х. Тодаева. Язык жёлтых уйгуров. — М.: Наука, 1966.
  2. Э.Р. Тенишев. Воспоминание жёлтых уйгуров о С. Е. Малове. // Известия КазССР. — Алма-Ата, 1960. — Т. 1.
  3. Э.Р. Тенишев. Отчёт о поездке к уйгурам, саларам и сарыг югурам // Известия АН СССР. — М., 1961. — Т. 20.
  4. Э. Р. Тенишев. Избранные труды. — Уфа, 2006. — Т. 2.
  5. Э. Р. Тенишев. Строй саларского языка. — М.: Наука, 1976.
  6. Сравнительно-историческая грамматика тюркских языков. Морфология / Э. Р.Тенишев.. — М.: Наука, 1988. — 558 с.
  7. Сравнительно-историческая грамматика тюркских языков. Фонетика / Э. Р.Тенишев.. — М.: Наука, 1984.
  8. Сравнительно-историческая грамматика тюркских языков. Лексика / Э. Р.Тенишев.. — М.: Наука, 2002.
  9. Э. Р. Тенишев, Г. Ф. Благова, Э. А. Грунина и др. Сравнительно-историческая грамматика тюркских языков: региональные реконструкции / Э.Р. Тенишев. — М.: Наука, 2002. — 767 с. 
  10. Э. Р. Тенишев. Этнический и родоплеменной состав народности юйгу // Советская этнография. — М.—Л.: 1962. — № 1.
  11. Э. Р. Тенишев. Родословная Тенишевых. Российская провинция XVIII—XX вв. // Материалы всероссийской конференции. — Пенза: 1996. — Т. 1.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эдгем Рахимович Тенишев: Жизнь и творчество. 1921—2004 / Сост. Е. А. Тенишева. — Казань: Инсан, 2005. — 128 с. — 1000 экз. — ISBN 5-85840-329-8, ISBN 978-5-85840-329-6. (обл.)
  • Дыбо А. В., Нуриева Ф. Ш. Тенишев Эдхям Рахимович // Казанская лингвистическая школа: Книга первая: Казанская тюркская лингвистическая школа / Сост. М. З. Закиев. — Казань: Татар. кн. изд-во, 2008. — С. 270-275. — 424 с. — 3000 экз. — ISBN 978-5-298-01772-5. (в пер.)
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе (Бишкек), 1990. - 151-бет. ISBN 5-89750-028-2.
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 7 -сентябрь (аяк оона) 2017. Түп булактан архивделген күнү 2 -май (бугу) 2014.