Тенишев Эдгем Рахимович

Википедия дан

Тенишев Эдгем Рахимович (24. 4. 1921, Пенза шаары – 11. 7. 2004, Москва) – түрколог, филология илимдеринин доктору (1969), профессор (1971). СССР Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү (1992). Түрк лингивистикалык коомунун корреспондент мүчөсү (1971), мурдагы Ленинград мамлекеттик унтинин чыгыш таануу факультетин бүткөн (1949). Ошол эле окуу жайда казак, өзбек жана байыркы түрк тилдери боюнча окутуучу (1949–54), СССР Илимдер Академиясында илимий кызматкер (1954–60), улук илимий кызматкер (1960–64), түрк тилдери секторунун башчысы (1964–73), түрк-моңгол тилдери секторунун башчысы (1974–81), Түркологдордун комитети менен диалектология жана тилдердин тарыхы боюнча илимий советтин председателин орун басары (1975–77), «Советская тюркология» журналынын башкы редактору (1977–95) болуп эмгектенген. Тенишев – 80ден ашык илимий эмгектин автору. КЭРде уйгур, салар жана сары уйгурлардын арасында болуп, илимий эмгектерди жазган. Түрк тилдерин, түрк тилинин грамматикасын, Синьцзяндагы уйгур тилинин диалектилерин, кыргыздардын тилин, байыркы уйгур жазууларын жана рун жазуу эстеликтерин изилдеген. Эмг.: Отчёт о поездке к уйгурам, саларам и сарыг уйгурам. М., 1961; Строй саларского языка. М., 1976; Избранные труды. Уфа, 2006.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]