Терренс Ховард

Википедия дан

Терренс Дэшон Ховард (англ. Terrence Howard; 1969-жылы, 11-мартта туулган) - америкалык актер жана ырчы. 1995 -жылдары "Каза болгон президенттер" (анг. Dead Presidents) жана "Голланд мырзанын музыкалык чыгармасы" (анг. Mr. Holland's Opus) сыяктуу тасмаларда актердук кесибин баштоо менен, атактуулукка 2004 - 2006 - жылдардын аралыгында телеберүү жана кинодогу ролдору менен жеткен. Ал "Түрткү жана кыймыл" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал "Винни" (анг. Winnie), "Нур" (анг. Ray), "Лакауанна блюз" (анг. Lackawanna Blues), "Кагылыш" (анг. Crash), "Төрт ага-ини" (анг. Four Brothers), "Бай бол же жок бол" (анг. Get Rich or Die Tryin'), " Айдлвайлд" (анг. Idlewild), "Август Раш" (анг. August Rush), "Эр жүрөк" (анг. The Brave One) жана "Абактагылар" (анг. Prisoners) тасмаларында көрүнүктүү ролдорду аткарган. Ховард "Темир адам" (анг. Iron Man) тасмасында Жеймс Роддун ролун аткарган жана анын видео оюн адаптациясында роль аткарган. Бирок андан кийинки тасмалары үчүн анын ордуна Дон Шедл келген. Азыркы учурда ар "Императорлук" (анг. Empire) телесериалында баш каарман Лүсиус Лиондун ролун аткарууда. Анын дебюттук "Shine Through It"(Ал аркылуу жаркылда) альбому 2008-жылы чыккан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]