Тим Рот

Википедия дан

Тимоти Саймон Рот (англ. Tim Roth; 1961-жылдын 14-майында туулган) - англиялык актер жана режиссер. "Улуу Британияда жасалган (англ. Made in Britain, 1982) деген телесериалда анын алгачкы чыгармачылык тушоосу кесилген. Актерго "Сокку" (англ. Hit, 1984) тасмасындагы ролу атак алып келип, Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына алгачкы жолу талапкер болгон. Роттун ийгилиги "Ашпозчу, ууру, анын аялы жана аялынын сүйгөнү" (англ. The Cook, the Thief, His Wife & Her Lover, 1989), "Винсент жана Тео" (англ. Vincent & Theo, 1990) "Розенкранц жана Гильденстерн жансыз" (англ. Rosencrantz & Guildenstern Are Dead, 1990) деген тасмаларда жанган.

Ал кийинчерээк, Квентин Тарантинонун "Кутурган иттер" (англ. Reservoir Dogs, 1992), "Кылмыш окуясы" (англ. Pulp Fiction, 1994), "Төрт бөлмө" (англ. Four Rooms, 1995) жана "Жексур сегиз" (англ. The Hateful Eight, 2015) тасмаларында роль жараткан. Актер "Роб Рой" (англ. Rob Roy, 1995) тарыхый тасмасы үчүн Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Эң мыкты актер" номинациясын уткан жана "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон. Т. Роттун алгачкы режиссердук иши "Согуш талаасы"(англ. The War Zone, 1999), деп аталып, ал көптөгөн сыйлыктарды багындырган.

Актердун башка көрүнүктүү тасмаларына "Туткундар" (англ. Captives, 1994), "Кичинекей Одесса" (англ. Little Odessa (1994) "Баары сүйөм дейт( англ. Everyone Says I Love You, 1996), "Туюк абал" (англ. Gridlock'd, 1997), "Калпычы" (англ. Deceiver, 1997), "1900-жылдын легендасы" (англ. Legend of 1900, 1999), "Маймылдар планетасы" (англ. Planet of the Apes, 2001), "Жеңилбес" (англ. Invincible, 2001), "Тамашалуу оюндар" (англ. Funny Games, 2007), "Укмуштуу Налк" (англ. The Incredible Hulk, 2008), "Арачы" (англ. Arbitrage, 2012), "Күчү майтарылгандар" (англ. Broken, 2012), "Селма" (англ Selma, 2014) жана " 600 миль" (англ. 600 Miles, 2016) кирет. Ал ошондой эле "Мени алдачы" (англ. Lie to Me, 2009—2011) тасмасында доктор Кэл Лайтмандын ролун ойногон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]