Тимор

Википедия дан
Тимор.

ТиморМалайя архипелагынын Кичи Зонд аралындагы эң чоң арал. Аянты 34 миң км2дей. Батыш бөлүгүн Индонезия, түндүк-чыгышын Чыгыш Тимор мамлекети ээлейт. Тоолуу, бийиктиги 2950 мге жакын; баткак жанар тоолору бар. Климаты субэкватордук, муссондук. Абанын темпрасы жээктеринде жыл бою 25–27°С, жылдык жаан-чачыны 1500 м\ кургакчыл мезгили майдан ноябрга чейин. Тропиктик муссон токою жана бийик өскөн саванна мүнөздүү. Шалы, жүгөрү, кофе, кокос пальмасы өстүрүлөт. Негизги шаарлары: Купанг, Дили.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]