Семён Тимошенко

Википедия дан
Тимошенко Семён Константинович‎»‎ барагынан багытталды)

Тимошенко Семён Константинович [18. 2. 1895, Бессарабия губерниясы (азыркы Молдовия), Фурманка кыштагы – 31. 3. 1970, Москва] – Советтер Союзунун Маршалы (1940), Советтер Союзунун эки жолку Баатыры (1940, 1965). 1914-жылдан аскер кызматында. 1915-ж. пулемётчулар мектебин бүтүргөн. Биринчи дүйнөлүк согушта Түштүк-Батыш жана Батыш фронтторунда салгылашкан. 1918-ж. Жумушчу-дыйкандар Кызыл армиясынын катарына өтүп, атчандар бригадасынын командири болуп дайындалган. 1-атчандар армиясынын 6- (1919–20), 4-атчандар дивизиясынын командири (1920-21). 3- жана 6-атчандар корпусун башкарып жүрүп, аскер-академияларынын жогорку курстарын аяктаган (1922, 1927, 1930). Беларуссия (1933–35), Киев аскер округдарынын командачысынын орун басары (1935–37), Түндүк Кавказ (1937), Харьков (1937–38) Киев аскер округдарынын (1938–39) жана Украина фронтунун командачысы (1939), совет-фин согушунда (1939–40) Түндүк-Батыш фронтунун командачысы (1940). СССР Коргоо комиссариатынын Эл комиссары (1940–41), Башкы командачылыктын ставкасынын төрагасы (июнь-июль, 1941), СССР Коргоо комиссариатынын Эл комиссарынын орун басарынын милдетин аткаруу менен Батыш багытындагы бардык аскердин башкы командачысы (июль, 1941) жана Батыш фронтунун командачысы (июль-сентябрь,1941). Түштүк-Батыш фронтун (1941–42), Харьков операциясын жетектеген (май-июль, 1942). Сталинград фронтунун (июль-октябрь, 1942), Түндүк-Батыш фронтторунун командачысы (1942–43). Жогорку Башкы командачынын ставкасынын өкүлү (1943–46), Беларуссия (1946), Түштүк-Урал (1946–49), Беларуссия аскер округдарынын командачысы (1949–60). СССР Коргоо министрлигинин алдындагы генералдык инспекторлор тобунда (1960-62), Советтик согуш ветерандар комитетинин төрагасы (1962–70) болуп иштеген. ВКП(б) БКнын мүчөсү (1939–52), КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат (1952-70). «Жеңиш», Октябрь Революциясы, 3 Суворов, 5 Ленин, 5 Кызыл Жылдыз, 1-, 2-, 3-даражадагы Георгий крести ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]