Токелау

Википедия дан

Токелау, (англ. Tokelau, Токелау [ˈtoʊkəlaʊ] ) - Жаңы Зеландия башкарган аймак ( көз каранды аймак ). Токелау Самоанын түндүк -чыгышында Тынч океанда жайгашкан 3 кичинекей аралдан турат. Токелау көз каранды аймагы Жаңы Зеландия Королдугунун бир бөлүгү. 2006 жана 2007-жылкы референдумдардын жыйынтыгы боюнча, Токелау Жаңы Зеландия менен байланышкан өзүн өзү башкаруучу мамлекетке айланган эмес.

Курамына Тынч океанындагы Жаңы Зеландия жана Гавайи а-нын аралыгында жайгашкан 3 атоллдор тобунан (Атафу, Нукуноно, Факаофо) турат. Аянты 12 км2. Калкы 1,4 миң (2010). Борбору - Нукуноно (Факаофо а-нда). Расмий тили - токелау тили. Акча бирдиги - Жаңы Зеландия доллары. Ири шаары - Атафу. Мамлекет башчысы - Жаңы Зеландия монархы. Башкаруунун формасы - Конституциялык монархия. Мыйзам чыгаруучу органы бир палаталуу парламент. Т. Суэйне атоллунда жайгашкан. Атоллдору шакек сыяктуу суу астындагы ири рифтерден турат. Кээ бир шуру (коралл) аралдары, деңиз деңг. 3-4 м көтөрүлүп турат. Күрсүз топурагында панданус, кокос пальмасы жана бадалдар өсөт. Климаты ысык, пассаттык, нымдуу. Декабрдан мартка чейин урагандар болуп турат. Калкынын негизин полинезиялык англичандар, метистер түзөт. Христиан (70%) католик (28%) динин тутат. Токелау Жаңы Зеландиянын финансылык жардымына жана чет өлкөдө жашагандардын акча которуусуна көз каранды.

Негизги азыктары - кокос пальмасы, нан дарагы, папая, банан. Чочко жана эчки асыралат. Үй куштары багылат. Копра өндүрүлөт. Балык кармалып, жыгач даярдалат. 2012-ж. чейин электр энергиясы дизелдик электрстанцияларынан өндүрүлсө, учурда күндүн энергиясынан алынууда. ИДПнин көлөмү 1,5 млн АКШ доллары. Аны киши башына бөлүштүргөндө 1,0 мин доллардан туура келет. Тышкы экономикалык байланышы Жаңы Зеландияга багытталган. Атолл британиялыктар тарабынан 1765жана 1877-ж. ачылып, Улуу Британиянын протектораты болгон. 1926-ж. Улуу Британия Жаңы Зеландияга башкарууга берген. 1949-ж. расмий түрдө Жаңы Зеландиянын курамына кирген. Токелау 1977-жылдан өзүн-өзү башкаруу статусуна ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4