Түштүк Георгия жана Сандвич аралдары

Википедия дан

Түштүк Георгия жана Сандвич аралдары
англ. South Georgia and the South Sandwich Islands

Герб
Туу Герб
Урааны: «лат. Leo Terram Propriam Protegat (Арстан өз жерин коргосун)»
Гимн: «Кудай, королду сакта»
Расмий тили Англис тили
Борбор шаары Кинг-Эдуард-Пойнт
Ири шаарлар
Башкаруу формасы Конституциялык монархия
Король
Губернатор
Чарльз III
Алисон Блейк
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы

3,903 км²
Калкы
• Бааланган ([[|]])
Жыштыгы

30 адам
0,1 ад./км²
Акча бирдиги Фунт стерлинг
Домени .gs
ISO коду GS
Телефон коду +500
Убакыт аралыгы UTC -02:00

Түштүк Георгия жана Сандвич аралдары - Улуу Британия ээлиги.

Атлантика океанынан түштүк-батышында (шарттуу бөлүнгөн Түштүк океандын чегинде), Антарктидага жакын жайгашкан жанартоонун аракетинен пайда болгон аралдар тобу. Жалпы аянты 4066 км2 болгон 2 аралдар тобуна - Түштүк Георгия (испанча Сан-Педро) жана Түштүк Сандвичке бөлүнөт. Ошондой эле суудан көтөрүлүп чыгып турган. Шаг, Клерк жана Kapa аскалары бар. Түштүк Георгия аралы бир ири жана бир нече майда аралдан турат. Алардын жалпы аянты 3756 км2. Арал тоолуу келип, бийикт. 2000 лгден ашкан 11 чокусу бар. Эң бийик жери - Бейжет чокусу (бийикт. 2934 м). Аймагынын басымдуу бөлүгүнө түбөлүк тоң таралып, мөңгү жана кар менен капталган. Аралдын бети терең капчыгайлар менен тилмеленген. Климаты субантарктикалык. Июль - августтун орт. температурасы 1,5°С, февралдыкы 5,3°С. Батыш шамалы согуп турат. Жаанчачыны негизинен кар түрүндө түшөт (жылдык саны 1400-1500 мм). Аралды дениз канаттуулары уялашат. Пингвиндер менен деңиз пилдери мекендейт.

Түштүк Сандвич аралдар тобу 8 чоң жана көптөгөн майда аралдардан, аекалардан турат. Алардын жалпы аянты 310 км2. Тоолуу келип, дениз деңг. 1372 -мге (Белинжа тоосу) чейин көтөрүлүп майда аралдардан, аскалардан турат. Алардын жалпы аянты 310 км2. Тоолуу келип, деңиз деңг. 1372 жге (Белинда тоосу) чейит көтөрүлүп жатат. Аракеттеги жанартоолору бар. Негизинен жаш жанартоо тектеринен түзүлүп, кар-мөңгү менен капталган. Шамал тезтез болуп турат. Кар көп жаайт. Абанын орт. температурасы 0°С. Мамык чөп, эңилчек өсөт. Аралдын түндүк жээги кеме токтоого ыңгайлуу. Аралды 1675-ж. байкашып, алгач Ж. Кук 1775-ж. «Резолюшн» кемеси менен келген. 1904-65-ж. кит кармоочу база иштеген, учурда ал туристтик база. 1843-ж. Британиянын аскер-деңиз базасы уюштурулган. 1949-50-ж. Кинг Эдвард Пойнт базасы ачылып, ал кийинчерээк метеорол. станцияга айландырылган. 1982-ж. Фолкленд согушу мезгилинде Аргентина басып алууга аракенттенген. 1985-ж. ээликтин конституциясы кабыл алынып, аны Улуу Британия королевасы дайындаган атайын өкүл башкарат. Туруктуу жашаган калкы 23 киши (2012).

Борбору жана жалгыз порту - Грютвикен шаарчасы. Аба ырайынын жагымсыз шарты кемечиликке терс таасирин тийгизет. Илимий-изилдөө станциялары иштейт. Балык кармалып, криль (майда деңиз рактары) чогултулуп, жакшы киреше алынат. 20кылымдын башында түндүк бугусу байырлатылган. Акча бирдиги - англия фунту.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4