Федин Константин Александрович

Википедия дан

Федин Константин Александрович (12(24). 2. 1892, Саратов - 15. 7. 1977, Москва) - орус совет жазуучусу, СССР ИАнын академиги (1958), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1967), Германия искусство академиясынын корр. мүчөсү (1958).

1914-ж. Москва соода институтун бүткөн. 1923-ж. «Ээн жер» тунгуч аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. «Шаарлар жана жылдар» (1924; кыргызчасы - 1977) романы орус интеллигенциясынын революциядагы басып өткөн жолун баяндайт. «Бир туугандар» (1927-28) «Трансвааль», «Дыйкандар» (1927-28) повесттерин, «Европанын уурдалышы» (1933-35), «Арктур» санаторийи» (1940) романдарын, «Алгачкы кубанычтар» (1945; кыргызчасы - 1964), «Бөтөнчөжай» (1947-48; кыргызчасы - 1965; эки романы үчүн СССР мамлекеттик сыйл., 1949), «Жалын» (1961-65; кыргызчасы - 1968) үчилтшс романын жазган. 4 Ленин, Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4