Федченко Алексей Павлович

Википедия дан

Федченко Алексе́й Па́влович  (19-февраль 1844 — 1873), орус окумуштуусу, биолог, географ, саякатчы, Орто Азияны изилдөөчү катары белгилүү. Өзгөчө кыргыздар жашаган Памир аймагын, Алай өрөөнүн терең изилдеген окумуштуу болгон. Батыш илими үчүн Алай тоо кыркасын ачкан окумуштуу. Анын атын учурда Памирдеги мөңгү алып жүрөт (В.Ф.Ошанин жетектеген экспедиция ачкан мөңгү, 1878-ж). 1861-1871 жж. Орто Азиянын этнографиясы, географиясы, фаунасы, флорасы боюнча бай материалдарды жыйнаган.  Анын негизги эмгектери энтомологияга жана паразитологияга арналган. А.П.Федченко 1844-ж. Иркутск (айрым маалыматтарда азыркы Барнаул шаарында) туулган. Ата-энесинин колдоосу астында Иркутскидеги гимназиядан билим алат. Атасы каза болгондон соң, энесин алып Москва шаарына келет да Москва университетинин физика-математика факультетинин жаратылышты таануу бөлүмүнө өтөт. Студент учурунда ботаника менен алектенип, агасы менен Россиянын түштүк райондоруна саякатка чыккан. Энтомологияга кызыккан А.П.Федченко университетте “Этнография, табигый илимдер жана антропологияны сүйүүчүлөр Коомун” негиздейт. Бул анын илим чөйрөсүнө кеңири аралашканга шарт түзгөн болучу. Илимдин кандидаты наамына ээ болгон А.П.Федченко 1864-ж. (университетти аяктагандан соң) Николаев институтуна окутуучу болуп кирет. 1868-ж. “Этнография, табигый илимдер жана антропологияны сүйүүчүлөр Коомунун” мүчөлөрүн Россия империясы жаңыдан басып алган Түркестан кызыктыра баштайт. 1868-ж. жаңыдан үй бүлө курган А.П.Федченко жубайы менен Түркестанга келип 1871 ж. чейин туруп калышат. Ушул мезгилдин аралыгында Зеравшан өрөөнүнө, Самарканддын айланасына, тоолуу Тажикстанга, Искандеркөлгө, Жизакка, Жогорку Зеравшанга, андан соң Кар-Кум чөлүнө саякат жасашкан эле. Түркестандагы жүрүш мезгилдеринде А.П.Федченкону өзгөчө Памирдин сырдуу дүйнөсү кызыктырган. 1871-ж. Кокон хандыгынын аймагына саякат учурунда Алай өрөөнүнө түшүп, андан ары Алай тоо кыркаларын ачкан. 1872-ж. Бүткүлроссиялык политехникалык көргөзмөдө Орто Азиядан алынып келинген бай экспонаттар коюлуп, көрүүчүлөрдүн жана адистердин назарына сунуш этилген. Россиядан келген илимпоздордун тобу 1873-ж. алгач Францияга, андан соң Германияга келишип, тоо кыркаларына чыгуу сырын жана техникасын (ыкмасын) үйрөнүү үчүн машыга башташат. Машыгуунун биринде 29 жаштагы А.П.Федченко капысынан каза табат. Анын атактуу “Путушествие в Туркестан” аттуу эмгеги белгилүү. А.П.Федченконун эмгектери илим үчүн азыр да өз маанисин жогото элек.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Азатьян А. А. А. П. Федченко — географ и путешественник. — М.: Географгиз, 1956.
  • Леонов Н. И. Алексей Павлович Федченко. — М.: Наука, 1972.
  • Леонов Н. Впервые в Алай. Путешествие А.П.Федченко в 1871 году. — М.: Детгиз, 1951.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015