Фолкленд (Мальвина) аралдары

Википедия дан

Фолкленд аралдары
англ. Falkland Islands

Герб
Туу Герб
Урааны: «англ. Desire the Right (Адилеттүүлүктү каалоо)»
Гимн: «Кудай, королду сакта
Фолкленд ыры»
Расмий тили Англис тили
Борбор шаары Стэнли
Ири шаарлар Стэнли
Башкаруу формасы Конституциялык монархия
Король
Премьер-министр
Губернатор
Чарльз III
Риши Сунак
Элисон Блейк
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы

12,173 км²
Калкы
• Бааланган ([[|]])
Жыштыгы

3,662 адам
0,30 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

228,5 млн $
АДӨИ  0,874 (жогору) (белгисиз-орун)
Акча бирдиги Фунт стерлинг
Фолкленд аралдарынын фунту
Домени .fk
ISO коду FK
ЭОК коду FLK
Телефон коду +500
Убакыт аралыгы UTC -03:00

Фолкленд (Мальвина) аралдары (англ. Falkland Islands, испанча Islas Malvinas) - Улуу Британиянын ээлиги.

Атлантика океанынын түштүк-батышында жайгашкан. Аянты 12,2 миң км2. Калкы 2,8 миң (2013). Орточо жыштыгы 1 кмг жерге 0,26 киши. Негизинен англис тилинде сүйлөшөт. Ошондой эле испан, немис, француз тилдерин да колдонушат. Калкынын көпчүлүгү (67,1%) христиан динин тутат. Шаар калкы 92%. Борбору - Стэнли. Акча бирдиги - фолкленд аралдар фунту (британия фунтуна барабар). Эки ири аралдан - Чыгыш Фолкленд (Солелад) жана Батыш Фолкленд (Гран-Мальвина), ошондой эле 200дөн ашык майда аралдардан турат. Бийиктиги 706 мге (Батыш Фолкленд а-ндагы Адам чокусу) чейин. Климаты мелүүн, океандык. Январдын орточо температурасы 9°С, июлдуку 2°С. Жылдык жаан-чачыны 574 жм. Флорасы менен фаунасы ээликке айлангандан бери өтө өзгөрдү. Дан өсүмдүктүү шалбаа өсөт. Суусунун жээктеринде деңиз сүт эмүүчүлөрүнүн 14 түрү кездешет. Аралдарында деңиз канаттуулары (бОтан ашык түрү; а. и. альбатростор) уялашат. Ошондой эле пингвиндердин 5 түрү бар. Арал 1591-92-ж. Ж. Дейвис тарабынан ачылган. Француз деңиз сүзүүчүсү Бугенвиль 176365-ж. аралды изилдеп, Чыгыш Фолкленд а-нда алгачкы тургун жай Порт-Сен-Луини негиздеген. Улуу Британия Фолкленд (Мальвина) аралдарын деколонизациялоо жана аралдын көз каранды эместигин таануу боюнча Аргентина менен талаш-тартыштарды тынчтык жол менен чечүү жөнүндөгү БУУнун чечиминен баш тартып келген. 1982-ж. Аргентина менен болгон куралдуу чыр-чатактан кийин Англиянын ээлиги (к. Флокленд согушу (1982)).

Учурда Аргентина менен Улуу Британиянын ортосундагы талаш аймак. Улуу Британиянын «деңиздеги алыскы аймагы» статусуна 2013-ж. 1011-мартта өткөрүлгөн референдумдун негизинде ээ болгон. Аралдын коопсуздугун сактоо максатында британиялык «Маунт Плуант» жана «Мэр Харбор» аскер-дениз базалары жайгаштырылган. Аралдын экономикасынын негизин - эт-жүн багытындагы кой асыроо жана балыкчылык түзөт. ИДПнин көлөмү 105,1 млн АКШ доллары (2002). Аны киши башына бөлүштүргөндө 35,4 миң доллардан туура келет. 2007-ж. 16 млн кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Аралда бир топ жылдар бою (1870-1980) китке аң уулап келишсе, учурда кой чарбачылыгы өнүккөн. Аймагынын 80% ке жакыны жайытка айландырылган. Фолкленд (Мальвина) аралдары Улуу Британиянын жогорку сапаттагы жүндү даярдоочу жайы. Аралдын чыгышында мал союучу ишканалары жайгашкан. Деңиз азыктарын даярдоочу промысели иштейт. Балык кармалат. Шельфтен нефтинин ири запасы табылгандан бургулоо иштери жүргүзүлүп келет. Автомобиль жолунун уз. 786 км (анын 50 кмк асфальтталган). Эки аэропорту, 2 деңиз порту бар. Туризм (жылына 30 миңден ашык) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4