Франко Баамонде Франсиско

Википедия дан
Franco (1930)

Франко Баамонде Франсиско (4. 12. 1892, Ферроль - 20. 11. 1975, Мадрид) - испаниялык аскер жана мамлекеттик ишмер.

Испан мамлекетинин башкаруучусу (1939-75), Испан өкмөтүнүн төрагасы (1938-73), генералиссимус. Жөө аскерлер академиясын бүткөн. Испаниянын Африканы колониялаштыруу согушуна катышкан. 1936-ж. Испан республикана каршы аскердик-фашисттик козголоңду жетектеген. 1939-ж. республика кулаган соң, Франко Испан мамлекетинин түбөлүк башчысы болуп жарыяланган. Козголоңчулар басып алган Бургос шаарында түзүлгөн мамлекеттин жана өкмөттүн башчысы, ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп дайындалып, Испанияда авторитардык режимди орноткон.

1947-ж. так мурастоо жөнүндө мыйзам киргизилип, салт боюнча Испан королдугу түзүлгөн. 1969-ж. Франконун сунушу боюнча анын ишин улантуучу болуп 1931-ж. кулатылган король Альфонс ХШнүн небереси Хуан Карлос Бурбон бекитилген. 1975-ж. Франко өлгөндөн кийин ал Испаниянын королдугуна шайланган. Франконун социалдык-экономикалык саясий режими («интегралдык улутчулдук») төрт негизги элементке таянган: экономиканы контролдоо, автаркия, корпоративизм жана еоциалдык «гармониялуулук».

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4