Хакийм Нуруддин

Википедия дан
Убада кылынган Мессиянын 1-Халифасы
[[Файл:
Noor-ud-Din, c. 1899.
|280px|Убада кылынган Мессиянын 1-Халифасы]]
Момундардын жетекчиси

(Амирул-Му'минийн)

27-май 1908-жылы — 13-март 1914-жылы
Андан кийинки: Мырза Башируддин Махмуд Ахмад
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 08-январь 1841-жыл
Туулган жери: Бхера шаары
Каза болгон жылы: 13-март 1914-жыл
Мүрзөсүнүн орду: Бахиштий Макбара

Кадиян, Пенжаб областы, Индия

Атасы: Хафиз Гулам Расул [1]
Апасы: Нур Бахт
Жубайы: Фатима айым жана Суграа Бегам
Балдары: уулдары: Абдул-Хай,
Абдус Салам,
Абдул Ваххааб,
Абдул Маннаан
кыздары: Умаамах,
Хафса,
Аматуллах,
Азирети Аматул-Хай
 
Автограф: Кол тамгасы

Ал-Хаажж Мавлана Хафиз Хакийм Нуруддин (Араб тилинде: الحاج مولانا حافظ حکیم نور الدین) (1841-1914) Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү Мырза Гулам Ахмаддын жакын шериги болгон, ал каза тапкандан кийинки күнү 1908-жылдын 27-майында анын 1-орун басары катары шайланып, Убада Кылынган Мессиянын 1-Халифасы жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси болгон. Ал белгилүү табып, активдүү жазуучу, теолог, ошондой эле араб жана иброний тилдин аалымы болгон.

Бир канча жылдарга Жамму жана Кашмирдин Махаражанын падышалык табыбы катары иштеген, ал диний билимдерди алуу үчүн узак сапарларды тарткан, анын ичинде Мекке менен Мединада узакка турган. Анын Куран жана Хадис сабактары Мырза Гулам Ахмаддан кийин Кадиянга зыярат үчүн келгендерди өзүнө тарта турган негизги нерсе болчу. Анын кутбалары жана башка кайрылуулары Хакаикул-Фуркаан аттуу 4 томдук тафсир катары топтолгон. Бир канча Куран аалымдары анын шакирттери болчу, мисалга, Тафсир-э-Кабийр жана Тафсир-э-Сагийр деген китептерди жазган Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (Экинчи Халифа), ошондой эле Курани каримди англис тилине которгон алгачкы котормочулар жана Курандын мыкты тафсирчилери (чечмелөөчүлөрү) Мавлавий Мухаммад Али жана Мавлавий Шер Али. Ал Христиандар жана Ария Самааж тарабынан Ислам динине каршы билдирилген сын-пикирлерге жооп кайтаруучу катары даңкы чыккан. Мавлана Нуруддин Мырза Гулам Ахмадга байъат (ант) берген биринчи инсан болчу. Мырза Гулам Ахмад көз жумган соң Нуруддинди бир ооздон анын орун басары катары шайлашкан жана ал Ахмадия Мусулман Жамаатында анын негиздөөчүсү каза тапкандан кийин биримдикти кармашы менен бааланат.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хакийм Нуруддин жети бир тууган эркек менен эки кыздын эң кенжеси болгон жана мусулмандардын халифасы Умар ибн ал-Хаттабдын 34 санжырасынан түзүлгөн тукумунан чыккан.[2] Мавлана Нуруддиндин ата-бабалары Мединадан көчүп, Балхка отурукташкан жана Кабул менен Газнинин өкүмдарлары болушкан. Чынгыз Хан чабуул жасаган учурда анын ата-бабалары Кабулдан көчүп, а дегенде Мултанга жакын отурукташкан, анан акыры Бхерада жайгашышкан. Анын ата-бабаларынын арасында Ислам динин үйрөткөн жана Курани каримди жатка билген бир канча муундарга жетекчилик кылуу сыймыгы менен сыймыктанганын билдирген көптөгөн олуялар бар болчу. Анын алгачкы жети мууну ушу менен өзгөчөлөнгөн. Анын ата-бабалары Курани каримди катуу сүйүп, ага терең ой жүгүртчү. Мавлана Хакийм Нуруддиндин ата-бабаларынын арасында олуялар жана жакшы даңкка ээ уламалар бар болчу. Анын ата-бабаларынын арасында мусулман дүйнөсүндө маанилүү орунга ээ болгон падышалар, суфийлер, казылар жана шейиттер дагы бар болчу. Анын уруусундагы үй-бүлө мүчөлөрү азыр дагы «падыша балдары» деп таанылышат. Бхерада (анын туулган жери) анын үй-бүлөсү башынан эле улуу даражадагы сый-урматка ээ.[3][4]

Башталгыч жылдар жана окуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нуруддин өз апасы Нур Бахтты өзүнүн биринчи мугалими деп санаган. Курандын сүйүүсү мага апамдын сүтү аркылуу ичирилген деп айтчу. Ал өзүнүн башталгыч окуусу үчүн жергиликтүү мектепке кирген. Анын атасы Хафиз Гулам Расул динге берилген мусулман болгон жана ата-энеси өз балдарынын окуусуна аябай басым жасашкан. Нуруддин өз атасынын билимге болгон сүйүүсүн кайрадан жандандырган, ушул акыйкатты анын расмий биографы Абдул Кадыр Савдагар Мал жазган.[5]

Менин атам өз балдарынын окуусуна аябай кызыкчу эле. Ала оорусуна чалдыккан Мадан Чанд аттуу бир индус аалым бар болчу. Адамдар ага айылдан алыс бир жерде үй салып беришкен. Менин атам байкемди ага окууга жөнөткөн. Адамдар ага эмнеге ушунчалык келбеттүү баланын өмүрүн талкалап жатасыз деп айтышканда, ал эгерде ал Мадан Чанд сыяктуу билимдүү болуп, анан ала оорусуна чалдыгып калса, анда мен капа болбойм деп жооп берген. Силер өз балдарыңар үчүн мына ошондой ата болууңар керек. Эгер ал (менин атам) бүгүнкү күндө тирүү болсо, ал мени (окуу үчүн) Америкага жөнөтмөк.

Ал эне тили болгон Пенжаб тилинде сүйлөчү, бирок бир жоокерди урду тилинде сүйлөгөнүн уккан соң ал ушул тилди сүйүп калып, Шах Валиюллахтын китептерин окуп, аны үйрөнгөн.

Нуруддиндин байкеси Султан Ахмад окуган адам болуп, Лахор шаарында жеке басмаканасы бар болчу. Нуруддин 12 жашка толгондо, ал өзүнүн бир тууганын өзү менен чогуу Лахорго алып кетти, ал жерде ал ооруп калып, аны Саид Митханын тургуну Хакийм Гулам Дастгийр аттуу табып ийгиликтүү дарылаган. Анын мамилесинен жана даңктуулугунан таасирленип, Нуруддин медицинаны окууга кызыгып калган; ал эми аны окутуу үчүн перс тилиндеги атактуу мугалим Мунший Мухаммад Касым Кашмирий дайындалган.

Нуруддин перс тилин Лахор шаарында үйрөнгөн, ал жерде эки жыл окуган. Анын байкеси ага башталгыч араб тилин окуткан. 1957-жылы бир көчмөн китеп сатуучу Калкуттадан Бхерага келди. Ал Нуруддинди Куран котормосун үйрөнүүгө үндөгөн жана урду тилинде которулган Курани каримдин беш сүрөөсүнөн турган бир китепти ага белек кылган. Андан бир аз мөөнөттөн кийин Мумбаинин бир соодагери аны урду тилиндеги эки китеп – Курандын тафсири (чечмеси) болгон Таквиййатул-Ыйман жана Машарикул-Анваарды окууга үндөгөн.

Бир канча жылдардан кийин ал кайрадан Лахорго барып, Гумти Базардагы атактуу дарыгер (табып) Хакийм Алладинден медицинаны окуй баштаган. Бул жолу ал жерде узакка турбай, окуусун таштаган.[6]

Андан кийин Нуруддинд жалпы мектепте окуу үчүн Равалпиндиге жөнөтүлгөн. Ал мектепке кирген убакытта 17 жашта болчу. Ал 21 жашында диплом алган. Ал мыкты окуучу болчу жана жакшы окугандыгы үчүн 21 жаш курагында Пинд Дадан Хан деген жердеги бир мектепке директор катары дайындалган. Ал биринчи жолу христиан миссионерлери менен Равалпиндиде байланышкан болушу керек. Ал Равалпиндиде турган убакытта ал жөнүндө айткан.[7][8]

Мен Равалпиндиде турган кезде биздин үйүбүздөн кийин Александр аттуу бир англичандын чоң үйү бар болчу. Бир жолу бирөө мени ал жерге алып барган, ал Мезанул-Хак жана Тарийкатул-Хаят аттуу эки кооз китепти мага берген. Мен аларды кунт коюп окудум. Ал кезде мен жаш бала болсом дагы, бирок Курани каримди ошондо эле катуу сүйчү элем. Ал эки китепти өтө эле төмөн-пас экенин билдим. Ал күндөрдө мен Ыйык Рух эмне экенин да билбейт элем.

Окууну улантуу жана сапарлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кийин 4-5 жыл Нуруддин ал доордогу даңккы чыккан мугалимдерден араб тилин үйрөнүү максатында Индия бою кеңири жол тартып, Рампур, Морадабад, Лакхнау жана Бхопалга барган. Ал Саййид Хасан Шахтан Мишкаат ал-Масабихти, Азизуллах Афганийден фикхти, Мавлавий Иршаад Хусайин Мужаддидийден Ислам философиясын, Саадуллах Урияллдан араб тилиндеги акындар поезиясын жана Мавлавий Абдул Али менен Муллан Хасандан логиканы үйрөнгөн.

Нуруддин атактуу дарыгер (табып) Хакийм Али Хусайин Лакхнавийден Чыгыш элдик табыпчылыкты үйрөнүү максатында Лакхнау шаарына барган эле. Хакийм эч кимди окутпоого ант берген болчу. Биографтар мындай деп баяндашкан: ал маек курганы анын үйүнө барган жана алардын ортосунда болгон талкуу ал Хакиймге өтө терең таасирин тийгизген, акыры ал Нуруддинди өз Равалпиндидин өз шакирттигине алууга макул болгон.

Андан кийин ал Бхопалга барып, ал жерде Табыпчылык|табыпчылык кыла баштап жана ал учурда Бхопалдын Навабы менен таанышкан.

Мекке жана Медина[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1865-жылы 25 жашында Мекке жана Медина шаарларына жол тарткан. Ал диний билимди алуу үчүн ал жерде бир топ жылдары жашаган. Ал атактуу Шейх Хасан Хызражий жана Мавлавий Рахматуллах Кираиналвийден хадисти үйрөнгөн. Ал (Шах Валиюллах – Мухаддис Дехлавийдин чөбөрөсү) Азирети Шах Абдул Ганийге байъат (ант) берген.

Бхерага кайтуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнүн мекенине кайтып келе жаткан жолдо Нуруддин бир нече күн Дехлийде турган. Ал жерде Диёбанд Медресесинин негиздөөчүсү жана жетекчиси Касым Нанотвийдин сабактарына катышуу мүмкүнчүлүгүн тапкан жана андан аябай жакшы таасирленген.[9]

1871-жылы өзүнүн туулган жери болгон Бхерага кайтып келип, бир диний мектепти ачып, ал жерде Куран менен хадисти үйрөткөн. Ал чыгыш табыпчылыгын да баштаган. Кыска убакыттын ичинде ал колунда шыпаа барлыгынан аты чыгып, Кашмирдин Махаражасы андан кабардар болуп, 1876-жылы аны сарай табыбы катары дайындаган.

Падыша үй-бүлөсүнүн табыбы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1876-жылы ал Жамму менен Кашмирдин өкүмдары Махаража Ранбир Сингге падышалык табып катары иштеген. Падышалык табып катары көптөгөн окуялары бар. Штаттагы бардык мектептер жана ооруканалар анын кол астында ачылган, кийинчерээк ал өзү башкы дарыгер кылынып коюлган. Дарыгер катары иштеп жаткан убакытта ал Ислам динине кызмат кылууга көп убакытты бөлгөн дешет жана көбүнчө Махаражанын өзү менен диний жана интелектуалдык тартышууларды өткөзчү. Ал тартышууларда ал өзүнүн тайманбастыгы жана ачыктыгы менен таанылган. Махаража жана анын уулу Ража Амар Синг Нуруддинден Куран үйрөнүшкөн деп айтылат.

Бир жолу Махаражанын өзүнүн кызматчыларына мындай деп айткандыгы айтылат: «Ар бириңер ушул жерде кандайдыр бир максат-мүдөө же менден бир аз пайда көрүүңөр үчүн отурасыңар жана мага кошоматчылык кыласыңар, бирок ал (Хакийм Нуруддин) бир дагы жеке кызыкчылыгы жок адам жана штатка анын кереги бар болгон үчүн гана бул жерде отурат. Мына ошондон улам Нуруддин эмнени айтса, аны кунт коюп угушчу, себеби анын кандайдыр бир жашыруун ою жок болгондугун билишчү». Иврит тилинин аалымы болгондуктан Сэр Саййид Ахмад Хан аны мусулманчылык көз караш жагынан Тооратты тафсир кылып (чечмелеп) жаткан уламалар командасына (тобуна) координатор кылып дайындаган. Ошол эле убакытта ал Анжуман-э-Химаят-э-Исламга дагы активдүү аралашкан.

Нуруддин 1876-жылдан бери падышалык табып болуп келген. Качан Махаража Партаб Синг бийликке келгенде, Нуруддин ар кандай саясий себептердин айынан 1892-жылы Жамму штатындагы кызматын таштап салган. Кийинчерээк 1895-жылы ага ошол орун кайрадан сунушталган, бирок ал сунушту кабыл кылган эмес.

Мырза Гулам Ахмад менен таанышуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нуруддин Жаммуда турган убакыт аралыгында тынбай христиандар жана индустар менен диний дебаттарга катышып турчу. Бир жолу ал бир динбезер менен жолугушуп, ал ага мындай деп суроо берген: эгер Алла тааланын бар экендиги жөнүндө түшүнүк туура болсо, анда бүгүнкү илим жана билимдин доорунда эмнеге эч ким Алла тааладан вахий-аян алганын билдирбейт? Бул суроого Нуруддин дароо жооп таба албай калган.[10] Ошол эле убакытта Бараахийн-э-Ахмадия аттуу китептин бир барагын таап алат. Ал китепти кийинчерээк өзүн Убада Кылынган Мессия жана Махдий экенин жарыялаган Кадияндын тургуну Мырза Гулам Ахмад жазган эле. Нуруддин ошол барактын автору Алла тааладан вахий-аян алганын билдиргендигин көрүп айран-таң калат. Ал китепти сатып алып, чоң кызыгуу менен аны окуй баштаган. Ал китептен терең таасирленип, анын автору менен жолугушууну чечкен. Кийинчерээк ал Мырза Гулам Ахмад менен өткөзгөн биринчи жолугушуусун өз сөздөрү менен айтып берген.[11]

«Мен Кадиян деген жерге жакындап, толкунданып кеттим жана тынчсызданып титирей баштадым жана берилип дуба сурадым...».

Анан Нуруддин мындай деди:

«Мен Дигер намазынан кийин «Мубарак» мечитине жетип бардым. Мен анын (Гулам Ахмад) жүзүн көрөөр заматы сүйүнүп кеттим жана бүтүн өмүрүм бою издеп жүргөн туура инсан тапкандыгым үчүн өзүмдү бактылуу жана шүгүрчүлүк болуп сездим...Биринчи жолугушуудан кийин мен байъат (ант) берүү үчүн колумду сундум. Мырза (Гулам Ахмад) Сахиб алигиче Алла таала тарабынан уруксат жоктугун айтты, ошондо мен Мырза Сахибден төмөнкүдөй убаданы алдым: сиз байъат (ант) алганыңызда, а дегенде менден алыңыз... ». («Ал-Хакам» газетасы, 22-апрель, 1908-жыл)

Кадиянда турган убакыт аралыгында, Нуруддин Гулам Ахмадга жакын дос болгондугу алардын кол жазуу эмгектеринде даана байкалат, ошондой эле алардын ортосунда жогорку деңгээлде сый-урмат болгон. Анан кыска мөөнөттүн ичинде ушул алака-байланыш бир устат жана шакиртке айланып кеткен жана Нуруддин өзүн Ахмадга шакирт катары тапшырып салган. Акыры ал Кадиянга көчүп келип жана Кашмирдеги жумушун таштаган соң ал жерде үй салган. Ал көбүнчө Гулам Ахмад менен иш сапарларында чогуу жүргөн.

Бир жолу Нуруддин Мырза Гулам Ахмадга Мужаахада (Жихад) жолунда мага кандайдыр бир жумушту жүктөңүз деп айткан. Ахмад ага христиандар Ислам динине каршы койгон сын-пикирлерине жооп кылып, бир китеп жазыңыз деп айткан. Натыйжада, Нуруддин «Фаслул-Хитааб», «Мукаддима Ахлул-Китааб» аттуу эки томду жазган.[12]

Аны бүткөн соң ал Гулам Ахмадга кайрадан ошондой суроо берген. Бул сапар Ахмад ага Аария Самаажга жооп кылып, бир китеп жазууну айткан. Нуруддин «Тасдык Бараахийн-э-Ахмадия» аттуу китепти жазган.[13]

Хилаафат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мырза Гулам Ахмад каза тапкан соң Нуруддин бир ооздон анын биринчи орун басары катары шайланган. Халифа катары анын жетишкендиктеринин арасында Курани каримдин англис тилиндеги канааттандыраарлык котормосуна көзөмөлдүк кылуу, 1914-жылы Англияда эң биринчи Ахмадия Миссиясын орнотуу жана ар кандай газета-журналдарды тааныштыруу. Халифа болгондон кийин ал жеке өзү Рампур жана Мансоури деген шаарларда болгон эки ийгиликтүү дебатына катышкан. Ал ар түрдүү уламалар командаларын Кадияндан Ахмадия кабарын жайылтууга, Ислам дини жөнүндө докладдарды жасоого жана Индиянын ар кайсы шаарларында диний талкууларды жүргүзүүгө жөнөткөн, бул нерсе Жамаатка зор ийгиликтерди алып келди. Ушул командаларда көбүнчө Хажа Камалуддин, Мырза Махмуд Ахмад жана Муфтий Мухаммад Садык болчу.

Казына (Касса)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Убада Кылынган Мессия катары Нуруддин Жамааттын өсүп келе жаткан финансылык муктаждыктарын камсыздоо үчүн расмий түрдө казына (Байтул-Маал) түзгөн. Бардык чандалар, ошондой эле зекет жана башка ыктыярдуу чандалар түздөн-түз казынага (касса) топтолчу.

Анын башкармасын башкаруу үчүн ар кандай мыйзамдар жана эрежелер түзүлгөн.

Элдик китепкана[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нуруддин өзү окумуштуу жана китептерге берилген инсан болчу. Ал Халифа болгондон кийин эле Кадиянда элдик китепкананы ачкан, ал өзүнүн жеке китепканасынан көптөгөн китептерди берип салган, бир аз финансылык жардамын да ага көрсөткөн, Жамааттагы бир топ башка мүчөлөрү дагы аны ээрчишкен. Китепкана Мырза Махмуд Ахмад тарабынан көзөмөлдөнгөн.

Жума намазы үчүн уруксат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1911-жылы Британия өкмөтү Джордж V-нин Индиянын Императору катары дайындалуусун жарыялоо аземи Делиде өткөрүлөөрү билдирилген. Нуруддин өкмөт ишканаларында иштеп жаткан мусулман кызматчыларга жума күнү жума намазын өткөрүү үчүн эки сааттык уруксат берилсин деп падышага кайрылган. Натыйжада, мусулман кызматчыларына эки сааттык уруксат берилген.

Англиядагы Миссия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хажа Камалуддин өзүнүн мыйзамдык практикасын ишке ашыруу үчүн Лондонго барганда, Нуруддин ага үч нерсеге көңүл буруусуна насаат кылган, алардын бири: Бхопалдын Бегамы салдырган жана бир аз убакыттан бери жабылган мечитин кайрадан ачууга аракеттенүү. Лондонго жеткен соң Камалуддин мечит жөнүндө маалымат алып, башка мусулмандар менен жолугушуп, мечитти кайрадан ачуу ийгилигине жетишкен.

Ички келишпестиктер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Качан Анжуман Ахмадиянын кээ бир жогорку деңгээлдеги мүчөлөрү айрым башкаруучулук түшүнүктөрдүн ишке ашырылуусу жана Халифанын милдеттери жөнүндө келишпестиктерди жаратышканда, ал ички келишпестиктерди бир жаңсыл кылган. Бирок, ал киши каза тапкандан кийин ошол топ акыры Кадияндан кетип калган жана Ахмадия Анжуман Ишаат-э-Ислам деп таанылуучу өздөрүнүн жеке уюмун түзүп алышкан.[14][15]

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Хакаикул-Фуркаан (4 томдук Куран тафсири)
  2. Баяз-э-Нуруддин (медициналык китеп)
  3. Фаслул-Хитааб, Мукаддимах Ахлул-Китааб(14)[16] (Христиандар Исламга каршы билдирген сын-пикирлерге жооп)
  4. Ибтаал Улухиййат-э-Масийх (Ыйсанын кудай экендиги жокко чыгарылгандыгы)
  5. Радд-э-Танасух (Арвахтардын түбөлүк экендиги деген түшүнүк жокко чыгарылгандыгы)
  6. Тасдык Бараахийн-э-Ахмадия (Пандат Лекхраам жазган «Такзийб Бараахийн-э-Ахмадия» аттуу китепке жооп катары жазылган «Бараахийн-э-Ахмадияны» тастыктоо)
  7. Миркаатул-Якийн фий хаят-э-Нуруддин (автобиографиясы)
  8. Диниятка пехла рисала (Динияттын биринчи китепчеси)
  9. Хутбаат-э-Нур (Кутбалары)

Үйлөнүү жана балдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нуруддин уулу Абдул Хай менен.

Нуруддин үч жолу үйлөнгөн. Анын биринчи жубайы ал Халифа боло электе каза болгон. Экинчи жубайы Лудхиянанын тургуну Суфи Ахмад Жандын кызы болгон. Анын биринчи жубайынан узун өмүр көрүүчү балдар төрөлбөгөндүктөн Мырза Гулам Ахмад аны ага үйлөнүүсүн көндүрүүдө чоң ролду ойногон. Суфи Ахмад Жандын Мырза Гулам Ахмад менен теңдеши жок күчтүү алака-байланышы бар болчу. Нуруддин эки жубайынан тең бала көргөн. Биринчи жубайы Фатима айымдан (Шейх Мукаррам Бхеравийдин кызы болгон)[17]

  1. Умаамах айым.
  2. Хафса айым.
  3. Аматуллах айым.

Экинчи жубайы Сугра Бегамдан (Суфи Ахмад Жандын кызы болгон) Аммажи деген аты менен таанымал болгон.(15)

  1. Азирети Аматул-Хай (кызы)
  2. Абдул-Хай мырза (уулу)
  3. Абдус Салам мырза (уулу)
  4. Абдул Ваххааб мырза (уулу)
  5. Абдул Маннаан мырза (уулу)

Үчүнчү жубайынан

Анын үчүнчү жубайы жөнүндөгү маалымат тастыкталган эмес. Ал Мекке менен Мединага барган убакытта ага үйлөнгөн. Анын бир топ балдары бала чагында чарчап калышкан.

Тектеш макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Хакийм Нуруддин (Убада Кылынган Мессиянын I Халифасы): Чынчылдардын жолу, 1-бет.
  2. Хан, Мухаммад Зафруллах. «Азирети Мавлавий Нуруддин: Убада Кылынган Мессиянын I Халифасы» (ПДФ), 1-бет.
  3. Саййид Хасанат Ахмад: «Хакийм Нуруддин (Убада Кылынган Мессиянын I Халифасы): Чынчылдардын жолу». Эл аралык Ислам Басмасы.
  4. «Ал-Хакам» газетасы, 14-декабрь, 1912-жыл
  5. «Хаят-э-Нур»
  6. Саййид Хасанат Ахмад: «Хакийм Нуруддин (Убада Кылынган Мессиянын I Халифасы): Чынчылдардын жолу». Эл аралык Ислам Басмасы.
  7. «Хаят-э-Нур»
  8. Абдул Кадыр Савдагар Мал: «Хаят-э-Нур», 14-бет
  9. Саййид Хасанат Ахмад: «Хакийм Нуруддин (Убада Кылынган Мессиянын I Халифасы): Чынчылдардын жолу». Эл аралык Ислам Басмасы.
  10. Саййид Хасанат Ахмад: «Хакийм Нуруддин (Убада Кылынган Мессиянын I Халифасы): Чынчылдардын жолу», 67-бет, Эл аралык Ислам Басмасы.
  11. «Ал-Хакам» газетасы, 22-апрель, 1908-жыл
  12. «Ахмадия Мусулман Жамааты – Фаслул-Хитааб Мукаддима Ахлул-Китааб»
  13. Мырза Гулам Ахмад: «Малфузаат», 1-том, 303-304-бет
  14. Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишенимдерине жооп.
  15. Бөлүнүү жөнүндөгү акыйкат. ПДФ. Бөлүнүү жөнүндөгү акыйкат
  16. «Ахмадия Мусулман Жамааты – Фаслул-Хитааб Мукаддима Ахлул-Китааб»
  17. нуруддин/хакийм-нуруддин.ПДФ

Шилтмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]